• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, учурда курулуш долбоорунун үчүнчү фазасы - узундугу 69,7 км Эпкин-Башкууганды (89,5 км – 159,2 км) участогу, БААЭК 1 жана БААЭК 3 транспорттук коридорлорунун ортосун бириктирүү жолу долбоору ишке ашырылууда. Ишти 2022-жылга карата аяктоо пландаштырылган.

Өкмөт башчы масштабдуу инфратүзүмдүк объекттин маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын баса көрсөттү.

«Жол-курулуш иштерин тездетип, курулушту өз убагында, сапаттуу жана толук көлөмдө аяктоо зарыл», - деди Премьер-министр.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде долбоордук участоктун 159,2-чакырымында долбоордук тилкени тазалоо, өсүмдүк өскөн топурактуу катмарын жана жараксыз материалдардан арылтуу иштери башталган.

Бүгүнкү күнү 159,2-чакырымдан 142 км чейин бактар кыркылды. Ошондой эле 150,9-чакырымдан 151,2 жана 157 км чейин бактар кыркылып бүткөн жерлерде жараксыз материалдарды тазалоо уланууда.

Мындан тышкары 157,3-чакырымда жол бетин казып алуу жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий