• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Талас облусуна жумуш сапары менен барды - фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусуна жумуш сапары менен барды.

Жумуш сапарынын жүрүшүндө Өкмөт башчы Талас шаарындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан көп батирлүү турак-жайдын курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Бакай-Ата районундагы «Нур» көп тармактуу айыл чарба кооперативинин, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүттү кайра иштетүү заводунун жана Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылындагы М.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводунун иши менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий