• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Таластагы чек арачылар үчүн үйдүн курулушун жыйынтыктоону тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы № 2029-аскердик бөлүгүнүн жеке курамы үчүн көп батирлүү турак-жайдын курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Өкмөт башчыга 24-батирлүү турак-жайдын курулушу 2016-жылы башталгандыгы тууралуу маалымат берилди.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, жасалгалоо иштери жүрүүдө.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан өлкөнүн күч жана укук коргоо түзүм кызматкерлеринин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга чоң көңүл бурулуп жаткандыгын баса белгиледи.

Ал бул багыттагы иштер мындан ары да уланарына ишендирип кетти. Ошону менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев курулуш учурундагы айрым кемчиликтерди көрсөтүп, аларды толук четтетүүнү талап кылды.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу камсыздоону жана жанаша аймагын көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий