• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Талас облусунун бир катар айыл чарба объектилеринин иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусу боюнча жумуш сапарынын жүрүшүндө бир катар айыл чарба объектилерин кыдырды.

Алсак, Өкмөт башчы Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүттү кайра иштетүүчү заводдун жана Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылындагы М.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводунун иши менен таанышты.

Премьер-министрге маалымдалгандай, «Эмилия» ЖЧК сүттү кайра иштетүү, сыр жана каймак май өндүрүү менен алектенет. Ишкананын жетекчиси Жандарбек Жолоев маалымдагандай, 2013-жылы заводду реконструкциялоо жүргүзүлгөн – эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы өндүрүштүк цехтер курулуп, технологиялык жабдуулар толугу менен алмаштырылган.

Учурда ишкана ай сайын 18 тонна сүттү кайра иштетет, продукциянын 80 %ы Казакстан жана Россияга экспорттолот.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт бул сыяктуу өз продукциясын экспорттоого багытталган ишканаларды туруктуу негизде колдойт жана жергиликтүү бийликке заводдо келип чыккан маселелерге ар тараптуу аракеттешүүнү тапшырды.

Андан соң Өкмөт башчы 1931-жылы негизделген М.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводунун ишмердиги менен таанышты. Бүгүнкү күнү ишканада түрдүү породадагы 6 миң баштан ашык кой бар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт аймактарда мындай чарбаларды жеткиликтүү насыялык каражаттарды жана лизинг берүү аркылуу колдоого алат.

«Биз мындай чарбалар ачылып жана жер-жерлерде натыйжалуу иштөөсүнө жетишүүгө тийишпиз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине мындай мал чарбаларын өнүктүрүү боюнча бизнес-планды даярдоону тапшырды, анда алардын ишинин натыйжалуулугун кантип жогорулатууга у жана эт менен жүндүкайда кыйла кирешелүү сатууга болору тууралуу так максат болушу керек.

«Суроо-талаптын өсүшү менен баштапкы көлөмдөрдө жүндү кайра иштетүү боюнча комбинаттардын ишин калыбына келтирүү үчүн так механизмдерди иштеп чыгууну баштоо зарыл», – деди Премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий