• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга катышты

Коом 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчылары менен биргеТажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга катышты.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон алдыдагы жыйындын катышуучулары менен жылуу саламдашты.

«Биздин Уюм эл аралык мамилелердин заманбап тутумунун таасирдүү катышуучуларынын бири катары чыгаарын белгилөө кубанычтуу. Теңдик жана өз ара сыйга, ишенимге жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алууга негизделген кызматташтык – бул биздин узак мөөнөттүү жана бекем алакаларыбыздын негизи», - деп белгиледи ал.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон ШКУ мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчыларына жемиштүү иш жана алдыдагы жыйынды ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Жолугушуунун катышуучулары Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун абалын жана келечектүүөнүктүрүүнү талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий