• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев темир жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев темир жол жумушчуларын кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Темир жолчуларынын күнү жана Кыргыз темир жолунун 95 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Кымбаттуу достор, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Темир жолчуларынын күнү – кесиптик майрамы жана Кыргыз темир жолунун 95 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Туура 95 жыл мурда, 1924-жылы 8-августта Пишпек станциясына биринчи каттам келгендигин кубануу менен белгилөөгө болот.

Ушул күндөн тартып Кыргыз темир жолунун тарыхы башталат. Ал биздин мамлекеттин тарыхый окуялары менен тыгыз байланышта. 1924-жылы биринчи ирет кыргыз элинин Кыргыз автономиялуу облусу улуттук-аймактык түзүлүшү түзүлгөн.

Кыргыз темир жолу Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин жеңишинин өзүнчө бир белгиси катары болуп калды.

Бүгүн минтип ондогон жылдар өткөн соң Кыргыз темир жолу жашоонун, жалпы элдик сүйүүнүн, сыймыктын жана элибиздин бакубатчылыгынын жолу болуп саналат.

Темир жол транспорту өлкө жашоосунда ар дайым өзгөчө орунду ээлеп келди. Буга байланыштуу белгилей кетсем, 90-жылдардагы өткөөл мезгилдин кыйын шарттарында ушул тармактын жумушчуларынын берилгендиги жана эмгекчилдиги аркылуу гана темир жолду сактап калууга мүмкүн болду.

Машинисттер жана жумушчулар, куруучулар жана оңдоочулар, инженерлер жана диспетчерлер – темир жолчунун эмгеги көптөгөн кыйынчылыктар жана ыңгайсыздар менен коштолот. Себеби алар аптаптуу ысыкка жана суукка карабай, күндүр-түндүр бүтүндөй темир жолунун үзгүлтүксүз жана жөндөлгөн ишин камсыздашат.

Ал эми силердин эмгегиңердин сыйлыгы, албетте, жалпы элдин сүйүүсү жана жарандарыбыздын силерге жана ардактуу кесибиңерге болгон сый-урматы болуп саналат.

Учурдан пайдаланып, Кыргыз темир жолунун 5 миң адамдан турган жамаатына ишиндеги чоң ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ден соолук каалайм! Майрамыңыздар менен!»,- деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий