• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев тез татым жайындагы өрттүн себептерин тыкыр иликтөөнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.11.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жарылуунун жана андан улам Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берген.

Мухаммедкалый Абылгазиев тез татымдын каза болгон кызматкеринин туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга тез арада сакайып кетүүлөрүн каалаган.

Такталган маалыматтар боюнча 13 адам жабыркаган, алардын ичинде 7 бала бар. Жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) жеринде каза болгон.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алты адам жеткирилип, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий