• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев токтоп турган "Макмалалтын" комбинаты тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.18 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө. Өкмөт башчы жыйындын жүрүшүндө токтоп турган "Макмалалтын" комбинатынын ишине токтолуп кетти.

“Көйгөйлөрдүн бири– Макмал комбинаты. Бул ишкана сентябрдан бери токтоп турат. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети иш алып барып, инвесторлорго жарыялоого документерди даярдап жатышат. Биз ал жерде жергиликтүү эл менен эффективдүү иш жүргүзүп, инвесторлорду сактоо, алардын кызыкчылыктарын коргоо аны менен бирге инвесторлор тарабынан биздин мыйзамдарды сактоо боюнча иштерди жүргүзүшүбүз керек. Ал бир районду багып жаткан ишкана”, - деп билдирди ал.

Анын айтуусунда, анын барын жазып, бир механизм түзүү керек.

Пикир

Оставить комментарий