• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев тоо-кен тармагын өнүктүрүү артыкчылыктарын белгиледи

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында тоо-кен тармагын өнүктүрүү артыкчылыктарын белгиледи.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, учурда мамлекеттик тоо кен ишканасын түзүү маселеси каралып жатат. Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, «Кумтөр» алтын кенинин запасы азайгандыгына байланыштуу Өкмөт экономиканын башка артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат.

«2018-жылы ИДПнын көлөмүнүн өсүшү биринчи жолу Кумтөрдү кошпогондо 3,5%га чыкты. Өндүрүштүн өсүшү экономиканын башка секторлорунан камсыз кылынды. Бул атамекендик экономиканын «Кумтөрдөн» болгон көз карандылыгынын азайышынын биринчи кадамдары», – деп белгиледи Премьер-министр.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, башка стратегиялык багыттарда төмөнкүдөй иштер жүрүп жатат:

- кен казынасы боюнча мамлекеттик фондду рационалдуу пайдалануу максатында өлкөнүн кен казынасына жана чарбалык субъекттерге инвентаризация жүргүзүү;

- кен казынасын пайдалануу чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программалык документти иштеп чыгуу;

- кен казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;

- кен казуу иштеринде аймактардын жана жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу;

- аймактын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, жер казынасы – бул элдин байлыгы. Кен иштетүү боюнча тийиштүү заводдордун жоктугунан концентраттар өлкөдөн чыгарылып кетүүдө. Алардын сыртка чыгышына көзөмөлдү күчөтүү жана республикалык бюджеттин кирешесин толтуруу максатында, учурда Өкмөт концентраттарды ташып чыгарууда салык салуу жагын караштырып жатат», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Премьер-министр кошумчалагандай, өлкөнүн аймактарында тоо кен иштетүүчү ишканаларды куруу пландалууда.

«Өкмөт инвесторлор менен узак мөөнөттүү, анын ичинде жер казынасын иштетүү тармагында келишимдерди түзүүнү зарыл деп эсептейт. Ар бир долбоордо улуттук кызыкчылыктар, экоологияны сактоо жана аймактык өнүктүрүү маселелери биринчи орунга коюлушу керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий