• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов ведомствонун учурдагы ишмердүүлүгү жана өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү келечеги тууралуу айтып берди.

«Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 5,4% өскөн жана өсүш 4,4% баалуу металлдарды өндүрүүнүн жана 8,1% пайдалуу кендердин өсүүсүнүн эсебинен камсыздалган. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча сынактардын жана аукциондордун жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшүүлөр 10 млрд 687 млн сомдон ашуунду түзгөн, тармакта 18 миңден ашуун адам иштейт», - деди ведомство башчысы.

Эмил Осмонбетов билдиргендей, үстүбүздөгү жылы Сүлүктү, Кадамжай, Кара-Кече, Туюк-Каргаша, Тоголок, Ноокат, Жетим сыяктуу келечектүү кен жайларын сынакка коюу пландалууда.

Өкмөт башчы кен иштетүүгө сынактардын шарттарын сапаттуу даярдоо зарылдыгын баса белгиледи.

«Кен иштетүүгө сынактарды өткөрүүнүн шарттарын сапаттуу иштеп чыгуу иштерин баштагыла. Ошону менен бирге, кен жайгашкан аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн курамдык бөлүгү катары тармактык эмес өндүрүштөрдү түзүү боюнча талаптарды сынактын шарттарына киргизүү маселесин изилдеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары Жерүй, Кичи-Чаарат жана Шамбесай өңдүү келечектүү кендерди ишке киргизүү маселесине олуттуу мамиле кылып, бул участоктордо ишти ийгиликтүү баштоо үчүн зарыл иш-чараларды аткаруу керек. Кен иштетүүгө рационалдуу жана системалуу мамиле кылуу бюджеттин жеңилдетилген насыялардан жана эл аралык уюмдардын жана айрым өлкөлөрдүн гранттарынан көз карандылыгын азайтуу мүмкүнчүлүгүн берет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле Кумтөр кенинин учурдагы ишмердүүлүгү боюнча экологиялык жана социалдык багыттагы маселелер талкууланды.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир катар кендерди ишке киргизүү процессин тездетүүнү, инвесторлорго көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жана четтетүүгө аракеттешүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы ишке киргизиле турган ар бир келечектүү кенге тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилигин бекитүүнү жана аларга жеке жоопкерчиликти жүктөөнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий