• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев товарларды чек ара аркылуу өткөрүү процесстерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасы аркылуу үчүнчү өлкөгө товар ташуу шарттарын жеңилдетүү тууралуу казак тарап менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө биздин республикадан товарларды экспорттоонун учурдагы абалына, бажылык түзүү шарттарына жана жалпы товардык продукцияларды Казакстан Республикасынын аймагы боюнча өткөрүү процесстерине байланыштуу маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Марат Султангазиев менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Анын жыйынтыгында бажы жана салыктык башкаруу боюнча эки жактуу өз ара аракеттешүү маселелери боюнча келишимдерге жетишилген.

Анын ичинде, тараптар Кытай Эл Республикасынан Казакстан Республикасына жана Кыргыз Республикасына ташылган товарлардын баасын шайкештөө жана аларды эл аралык өз ара соодада колдонууну камсыздоо иштерин улантууга макулдашышты.

«Ошондой эле Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасы аркылуу товар ташууда, анын ичинде Кытай Эл Республикасынан Россия Федерациясына жана башка өлкөлөргө товар ташууда, казак тарап статистика түзүү максатында документтердеги жалпы маалымат менен чектелери тууралуу макулдашылды. Казакстан Республикасына баасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан документтик түрдө ырасталган кыргыз өндүрүшүнүн товарларын алып өтүүдө казак тарап мониторинг жүргүзөт. Казакстан Республикасынын рыногуна Кытайдан алып өтүлгөн товарлар боюнча казак тарап баа көрсөткүчтөрүн жана товарлардын коштоочу документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын сактоону көзөмөлдөйт», – деп билдирди ал.

Мындан тышкары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков чек ара аркылуу оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү кырдаалын турукташтыруу үчүн ведомство тарабынан бардык зарыл чаралар көрүлүп жаткандыгын маалымдады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадан тоскоолдуксуз өтүү үчүн процедуралардын шарттарын сактоо боюнча жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Муну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына салык салуу боюнча натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий