• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Туризм өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. «Туризм өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагындагы атамекендик туризмди өнүктүрүү жана жайкы туристтик мезгилди уюштуруу маселелери боюнча көчмө жумушчу кеңешменин жүрүшүндө. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, өлкө аймактарынын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн жетекчилери катышышты.

Өкмөт башчы белгилегендей, туризм аркылуу дүйнөлүк коомчулукка жана потенциалдуу туристтерге кыргыз элинин өзгөчө маданияты, тарыхы, бөтөнчө жана кайталангыс жаратылышы тууралуу айтып берүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

«Туризм жаратылыш ресурстарын оптималдуу пайдаланууга, жергиликтүү калкты иш менен камсыздоого жана жакырчылыкты жоюуга өбөлгө түзөт. Буга байланыштуу аймактарда туризмди өнүктүрүү – бул рационалдуу жана келечектүү», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

«2016-жылы Кыргыз Республикасында 2020-жылга чейин туризмди өнүктүрүү Программасы кабыл алынган. Аны менен бирге азыркы тапта туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип жатат. Чет элдик туристтерге чек арадан ылдам өтүү үчүн электрондук виза алуу процедуралары жеңилдетилген. Буга катар «Ачык асман» саясатын киргизүү максатында жарандык авиация тармагында аэропортторду модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө», - деди Премьер-министр.

Ошону менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев өкүнүү менен белгилегендей, көрүлүп жаткан күч-аракеттерге карабастан, айрым бир маселелер көп жылдардан бери чечилбеген бойдон калып жатат. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердигине, айрым пансионаттардын жана санаторийлердин ишине суроолор көп жаралууда.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, акыркы 6 жылда өлкөн ИДПсындагы туризмдин үлүшү болгону 0,3%га өскөн.

«Эгерде 2012-жылы ИДПдагы туризмдин үлүшү 4,7% болсо, 2017-жылы ал 5%га теңелген. Ошол эле учурда статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы беш жылда өлкөгө келген туристтердин саны жыл сайын 6,2%га өсүүдө. Мындан улам туризм тармагынан түшүүлөрдүн көлөмү дагы жыл сайын көбөйүп жатат», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, Кыргызстан туристтерди тартуу боюнча жакынкы коңшулардан бир катар позицияга артта калып жатат. Буга байланыштуу ал жергиликтүү жашоочулардын аймактардагы туристтерге мамилесин өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.

«Негизинен жергиликтүү калк туристтерди тийиштүү деңгээлде тосуп алууга даяр эмес. Анын үстүнө алардын туристтик базалар жана пансионаттар менен пикир келишпестиктери дагы болуп турат. Болуп өткөн бир нече окуя муну ачык күбөлөндүрөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал кошумчалагандай, бул сыяктуу жагдай туристтик объекттерге бара жаткан жолдо жайгашкан, санитардык талаптарга дээрлик жооп бербеген көпчүлүк жол боюндагы кафелерде байкалат.

Премьер-министр мындай маселелер туристтик мезгилдин алдында эмес, жыл бою чечилиши керектигине өзгөчө басым койду.

Өкмөт башчы пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн баа саясатына айрыкча көңүл бурду. Ал белгилегендей, салык көлөмүнүн аздыгына карабастан, көпчүлүк пансионаттарда баалар жогору деңгээлде калып жатат.

Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, каттамдардын кыймыл картасынын, кесипкөй гиддердин, адистердин жана куткаруучулардын жоктугу дагы өлкөгө туристтердин келишине терс таасирин тийгизет.

«Муну менен бирге жергиликтүү бийлик органдары жана туристтик уюмдар тарабынан туристтерге жаратылыш паркттарында ыңгайлуу шарттарды түзүүгө тийиштүү көңүл бурулбай келет. Парктарда эл аралык стандарттарга жооп берген кемпинг-борборлор жок. Жада калса кадимкидей дааратканалар дагы жок», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары жаратылыш парктарына баруучу жолдордун абалына жана алардын тазалыгына тиешелүү көңүл бурбай жатышканын белгиледи, бул мындай жерлерге келүүнү кыйла кыйындатат.

Мындан тышкары Өкмөт башчы келген чет элдик туристтерге ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тийиштүү мамиле жасоосу зарылдыгын ырастады.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, туризмди ар бир аймактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен өнүктүрүү кажет.

«Ар бир район, керек болсо ар бир айыл кыргыз элинин өзгөчө маданиятын жайылтуу максатында өз бренддерин иштеп чыгуулары керек», - деди Өкмөт башчы.

Ал Өкмөт келечекте өлкө ИДПсындагы туризмдин үлүшүн 20%га чейин жеткирүүнү пландап жатканын кошумчалады.

«Бүгүн Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн демилгечиси катары аларды эл аралык брендге айлантуунун алдында турат. Оюндарды өткөрүү туризмди өнүктүрүү жана өлкөнү эл аралык деңгээлге алып чыгуу үчүн зор өбөлгө түзөт. Мен бардыгыңыздарды туризмди өнүктүрүүгө салым кошууга чакырам, бул атамекендик экономиканын динамикалуу өнүгүүсүн камсыздайт», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр жана министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн өкүлдөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий