• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев туризмди өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин киргизүү боюнча бир катар милдеттерди койду

Өкмөт 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев атамекендик туристтик тармакты мындан ары карай өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечегин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтый камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы туристтик тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыздай турган, өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жогорулатууга багытталган бир катар милдеттерди белгиледи.

Атап айтканда, Мухаммедкалый Абылгазиев жер-жерлердеги туристтик инфраструктураны жакшыртуу, туристтик статистиканы иретке келтирүү, чет элдик туристтердин келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча комплекстик чарларды иштеп чыгуу жана өлкө аймактарындагы туристтик кемпингдерди жана эс алуу тармагын уюштуруу боюнча жыйынтык чараларды кабыл алууну талап кылды.

«Туризм – экономикабыздын дээрлик бардык тармактарына стимул берүүчү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бирден-бир натыйжалуу катализатору болуп саналат. Биз 2023-жылга дейре туризмдин өлкө ИДПсындагы үлүшүн 5% дан 10%га жеткирүү милдетин койдук. Бул өтө амбициялуу цифра, бирок Кыргызстандын туристтик потенциалын эске алуу менен биз ар жылдык өсүш көрсөткүчүн камсыздоо үчүн туризмди өнүктүрүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуубуз керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы конкреттүү мөөнөттөрдү белгилеп, туристтердин агымын көбөйтүү үчүн уникалдуу маданий-тарыхый объектилердин жанындагы инфраструктураны жакшыртуу маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасады. «Келечекте ар бир райондо бир нече уникалдуу туристтик объектилер болушу тийиш. Бизге ар бир облустун чегинде тигил, же бул объектинин деталдык сүрөттөлүшү менен так картасы керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле өлкө боюнча конкреттүү туристтик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн туризм тармагына жергиликтүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу иштерин күчтөндүрүүнү талап кылды. «Экономикалык натыйжалуулукту камтыган заманбап финансылык каражаттарды жана бизнес-модулдарды киргизүү менен туризмди өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин иштеп чыгуу зарыл», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле туризм тармагынын мыйзамдык негизин өркүндөтүү жана актуалдаштыруу зарылдыгы баса белгиленди.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2022-жылдарга туризм тармагын өнүктүрү боюнча Программасынын долбоорун сунуштады.

Анын маалыматында, учурда бардык туристтик долбоорлорду инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары Азамат Жаманкулов кошумчалагандай, өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүү иштеринин таасирдүүлүгүн арттыруу максатында «Кыргыз Туризм» мамлекеттик ишканасын түзүү сунушталууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир айлык мөөнөттө туристтик тармактын айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен туристтик тармакты өнүктүрүү Концепциясын аягына чейин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү максатында Өкмөт башчы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар менен биргеликте конкреттүү көрсөткүчтөрдү көрсөтүү менен туристтик инвестициялык лотторду иштеп чыгууну милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий