• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев: «Учкун» комплексин модернизациялоо анын рынокто лидер болушуна мүмкүнчүлүк түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. «Учкун» полиграфиялык комплексин модернизациялоо менен өлкөнүн мезгилдүү басылмалар рыногунда анын алдыңкы орунга ээ болушуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Учкун» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Учурда гезит-журнал цехи айына 43 мезгилдүү басылманы чыгарат. Муну менен катар жабдууларды оңдоо жана баасы 3 млн сом болгон станокторду сатып алуу чыгарылган продукциялардын ассортиментин кеңейтүүнү жана көлөмүн көбөйтүүнү шарттайт

«Бул жыл саясий жактан активдүү болору күтүлүүдө. Албетте ар кандай мезгилдүү басылмаларга буюртмалар мурдагыдан көп болот. Бул убакыттын аралыгында иштеп алуу жана жаңы жабдууларга кеткен акчаны таап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан керектүү техникаларды сатып алуу үчүн каражат табуу маселесин карап чыгуу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле атайын мамлекеттик документтерди чыгаруу боюнча толук технологиялык циклда иштеген офсет жана мукабалоо цехинин иши менен таанышты.

«Офсет цехи модернизациялоого муктаж. Биз аны модернизациялоо боюнча заманбап полиграфиялык жабдууларды чыгарган дүйнөлүк компаниялардын алдынкы сунуштары менен тааныштык. Аны сатып алуу менен биз акциздик маркаларды, жогорку деңгээлде корголгон улуттук үлгүдөгү паспортту чыгара алабыз. Бүгүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен модернизациялоо үчүн зарыл финансы каражаттарын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», - деп билдирди «Учкун» ААКнын башчысы Даир Кенекеев.

«Учкун» типографиясынын жетекчилиги премьер-министрге окуучуларды китептер менен камсыздоо маселесин чечүү схемасын сунушташты.

«Учкун» басмаканасынын базасында окуу китептерин жана окутуу-усулдук басылмаларды чыгаруучу полиграфиялык басмакананы түзүү идеясы келечекте жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларын сапаттуу китептер жана башка коштоочу продукциялар менен камсыздоо маселесин чечет. Окуу китептерин басып чыгаруу жана алардын мазмуну мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек. Башка өлкөлөрдү, жада калса коңшу өлкөлөрдү алсак, мамлекеттик буйрутмалардын бардык түрүн мамлекеттик басмаканалар аткарышат», - деп белгиледи өкмөт башчысы.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Учкун» ААКны модернизациялоо долбоорун даярдоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий