• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев УКМКнын бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр – Өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин (УКМК) кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Абылгазиев азырынча «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүнүн алкагында келтирилген фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө органдарына суракка чакыртма ала элек.

«Өкмөт башчы башынан эле бул иш боюнча тергөөнү ар тараптуу жана тыкыр жүргүзүүнү колдойт жана аны укук коргоо органдарынан талап кылат. Албетте, Мухаммедкалый Абылгазиев зарыл болгон шартта тергөөнү кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр», - деди ал.

Белгилей кетсек, УКМК Азаттыктын» иликтөөсүнө катыштыгы бар адамдардын бардыгы суракка чакырыла тургандыгын билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий