• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Улуу эпостун уникалдуу айтуучуларынын бири – Сагынбай Орозбак уулу

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-сентябрда, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормонхан айылында өткөн манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Салтанаттуу иш-чаранын алдында Өкмөт башчы улуу манасчынын күмбөзүнө барып, ал жерде куран окулду.

Премьер-министр өз сөзүндө чогулгандардын баары менен бирге бул салтанаттуу иш-чарага катышып жатканына кубануусун белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун атынан келгендердин баарын чын дилден бул маанилүү күн менен куттуктады.

«Тарыхты улуу адамдар жаратат, ал эми биздин өлкөнүн тарыхы – бул «Манас» эпосу. Сан миң сапты боюна батырган манасчылар улуттун өзөгүн кармап турат. Дал ошолор гана ата-бабалардын миң жылдык тарыхын, толук жашоо образын, өсүп-өркүндөөлөрүн, улуу жеңиштерин сактап келишкен. Манасчылардын аркасынан кыргыз элинин жашоосунун руханий байлыгы «Манас» эпосу азыркы цивилизациялуу адамзаттын эң бир баалуу, кереметтүү мурасына айланып отурат. Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана изилдөө, биздин элибиздин руханий кайра жаралышына, андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү, ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу, муундардын жолун улантуучулукту, улуттук жана тарыхый каада-салттарды сактоо – бул биз баарыбыз умтулуучу негизги милдеттерден», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр «Манас» эпосунан саптарды окуду:

Эселкинин жомогу,
Эстесе келер оролу,
Элүү жылда эл жаңы,
Бабаңардан уруктап,
Биз экенбиз бер жагы,
Эреңдерден калан сөз,
Энчи кылып алган сөз,
Чечендерди черткен сөз,
Бечелдерди чеккен сөз,
Кызыл бороон кыр менен,
Кыйкырык-чуу, сүр менен,
Сүрдүкпөгөн тил менен,
Кардыкпаган үн менен,
Баласына атасы,
Энчи кылып берген сөз,
Жайнап түшсө мөндүрдөй,
Жалпы журтум терген сөз,
Андай болсо калайык,
Эми муну тайштайлык,
Айкөлүңдүн өзүнүн,
Жомогунан баштайлык.

Премьер-министрдин айтымында, көз карандысыздыкка жетишкенден бери эпосту изилдөө жана жайылтуу боюнча чоң иштер аткарылган.

«1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы бүт дүйнөгө дүңгүрөтө белгиленип, Таласта «Манас Ордо» этнографиялык-тарыхый комплекси ачылган, 2011-жылы «Манас» эпосу жөнүндө мыйзам кабыл алынган, 2012-жылы «Манас» эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Улуттук программасы бекитилген. Ошол эле жылы Манастаануу институту ачылып, манас изилдөөчүлөргө жана манасчыларга жакшы шарттар түзүлдү. 2013-жылдын эпостун ЮНЕСКОнун маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилиши зор жетишкендик болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-жылы токтомдун негизинде 4-декабрды «Манас» эпосун белгилөө күнү деп бекитти», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Манас» эпосу – бул жөн гана эпос эмес, биздин элибиздин башкы баалуулуктарды өзүнө камтыган энциклопедия жана руханий кенч.

«Манас айтуу – жараткандан берилген өнөр, талант. Улуу эпостун уникалдуу айтуучуларынын бири – Сагынбай Орозбак уулу. Анын өмүрү өз мезгилинин алптарынын арасында жылдыздай болуп жаркырап жанып турат», – деди Премьер-министр. – «Манас» – оозеки адабияттын зор эстелиги. Ал эми ошол эстеликти түбөлүккө тургузган инсандар – булар манасчылар, алардын ичинде Сагынбай манасчы. Биз, азыркы муун, Сагынбай сыяктуу залкар аталарыбыздын атын көкүрөгүбүзгө кыттай куюп сакташыбыз керек. Кыргыздын абалкыдан азыркыга чейинки карт тарыхын өзүбүз изилдеп, өзүбүз жаза турган мезгилге жеттик. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө Манас атабыздын айкөлдүгү жашасын», – деди Өкмөт башчы жана республиканын элине тынчтык жана ынтымак, гүлдөп-өнүгүү каалады.

Сөзүнүн соңунда Премьер-министр манасчылардын жеңүүчүсү Дөөлөт Сыдыковго акчалай сыйлык тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий