• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев валюта рыногундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек,10.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөлүк рыноктордо түзүлгөн кырдаал жана анын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасири боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө валюта рыногундагы жана банк секторундагы жагдай, ошондой эле мунайзат баасынын төмөндөшүнө жана өлкөнүн валюта рыногундагы баалардын өйдө-ылдый болуусуна байланыштуу улуттук валютанын курсунун туруктуулугун камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар талкууланды.

Тышкы коркунучтардын негизги тобокелдиктеринин Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасирине жана соода балансынын деңгээлин турукташтыруу чараларына өзгөчө көңүл бурулду.

Валюта рыногунун туруктуу жана теңдеш ишин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инструменттерин натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгү белгиленди. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү баалардын тышкы өйдө-ылдый болууларына карата коммерциялык банктардын жана валюта алмаштыруу жайларынын реакциясы байкалууда. Финансылык жөнгө салуу улуттук валютанын баасынын өйдө-ылдый болушун түздөө үчүн жетиштүү резервдерге ээ.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө, ошондой эле өлкөнүн финансылык-насыялык мекемелеринин ишинин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн таасирдүү чараларды кабыл алуу жана жөнгө салуунун зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана ата мекендик продукцияны чет өлкөгө экспорттоонун деңгээлин колдоонун натыйжалуу чараларын кабыл алуу үчүн эл аралык рыноктогу курстук айырмачылыктардын таасирине баа берүүнү тапшырды.

Премьер-министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине ортомчулардын бааларды негизсиз жогорулатуусуна жол бербөө максатында керектүү товарлардын жана азык-түлүктүн наркына дайыма мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий