• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Венгрия Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы венгриялык коллегасына республикага келип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чарасына катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана Венгриянын Премьер-министринин расмий сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

«Сиз менен жолугушкандыгыма абдан кубанычтамын. Эки өлкө элдеринин тарыхый тыгыз байланышы Кыргызстан жана Венгрия ортосундагы ар кыл тармактагы кызматташтыктын жөнгө салынышына шарт түзөт деп ишенем», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, кыргыз-венгер кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрүн толук түрдө пайдалануу үчүн кызматташтыктын жаңы багыттарын, анын катарында Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрүү жолу аркылуу аныктоо зарыл.

Өз кезегинде Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сизге жолугушуу жана биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулоо мүмкүндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө учурдагы байланыштарды жана кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн кыйла терең карап чыктык», - деди ал.

Венгрия Өкмөтүнүн башчысы баса белгилегендей, ар түрдүү багыттарда өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алуу зарыл.

«Мен эки тараптын тең жакшы ниеттери бар экенин көрүп турам. Венгер Өкмөтү Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүнү жактай турганына ишендирип кетким келет», - деди Виктор Орбан.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери жана багыттардын кеңири чөйрөсү боюнча өз ара аракеттешүү келечеги талкууланды. Тараптар үстүбүздөгү жылы өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий