• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Абылгазиев «Вертекс Голд Компани» тоо-кен компаниясынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын алкагында «Вертекс Голд Компани» тоо-кен компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Вертекс Голд Компани» компаниясы 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр алтын кенин иштетип келет.

Өкмөт башчыга 300 000 тонна кен иштеткен кубаттуулуктагы алтын чыгаруучу фабриканы куруу пландары тууралуу маалымдалды.

Ишкананын башкы директору Николай Ермошкин билдиргендей, бүгүнкү күнү кенде лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн жана техникалык регламент иштелип чыккан. Фабрикадан тышкары вахталык айыл, административдик-тиричилик комплекси жана башка объекттер курулат.

Белгилей кетсек, учурда кенде фабрика курулуучу аянтта бардык инженердик-геологиялык издөө иштери жасалып, жергиликтүү элдин катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлдү.

Азыркы тапта ишканада 500дөн ашуун адам иштейт, анын ичинде Чаткал районунун жашоочулары бар.

Баса белгиленгендей, калдыктарды сактоочу жай ишенимдүү жана коопсуз болушу үчүн алдынкы технологияларга ылайык курулат. Мында кургак сактоо ыкмасы колдонулмакчы.

Өкмөт башчы Жамгыр кениндеги компаниянын бардык өндүрүштүк пландарын толук кандуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз аймактарды өнүктүрүү саясатын жүзөгө ашырып жатабыз жана бул иште өндүрүштүк потенциалы бар алыскы райондорго артыкчылык берилет. Албетте, бардык экологиялык талаптарды сактоого өзгөчө көңүл бурабыз. Бул маселени Өкмөт өзгөчө көзөмөлдө кармайт жана коопсуздук ченемдерин кынтыксыз аткарууну талап кылат», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бардык коопсуздук талаптарынын аткарылышын талап кылуу менен бирге инвесторлорго зарыл көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий