• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Абылгазиев: Ветеринардык системанын сапаттуу иши - өлкөнүн ЕАЭБдеги үзүрлүү мүчөлүгүнүн кепилдиги

Өкмөт 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Ветеринардык системанын сапаттуу иши - Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык уюмундагы үзүрлүү мүчөлүгүнүн кепилдиги. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга автомобилдерди тапшыруу аземинде билдирди.

«БУУнун айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча фонду «Рынокко чыгууну камсыз кылуу» долбоорун иштеп чыккан. Анын каржылоосу 2017-жылы ратификацияланган. Бул долбоордун алкагында бүгүн биз ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын кызматкерлерине автоунаа каражаттарын тапшырып жатабыз. Союз учурунда айыл чарбанын ИДПдагы үлүшү 40%дан ашык болчу, учурда бул көрсөткүч 13%га барабар. Ал дагы жаман эмес, бирок бул чек эмес, дагы да өсүүбүз керек. Башка өлкөлөргө ата мекендик продукцияны экспорттоо механизмин жакшыртуу боюнча чоң жумуштар аткарылууда. 2019-жыл биз үчүн маанилүү жылдардан болуп калды. ЕАЭБдин чечими менен ата мекендик ветеринардык системанын эквиваленттүү стандарды таанылды. Мындан тышкары Россия Кыргызстандан ташылган эт азыктарына карата киргизген чектөөсүн алды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы 2018-жылы Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү реестрине ата мекендик 49 ишкана кирсе, 2019-жылы өз продукциясын экспортко чыгарууга 91 ишкана укук алганын белгиледи.

«Келерки 2020-жылы реестрге дагы 10 ишкананы киргизүү пландалууда. Бул үчүн биз бардык процедураларды аткарып жатабыз. Биздин ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды модернизациялоо активдүү жүрүүдө. Бул максатта россиялык тарап жардам түрүндө 200 млн АКШ долларын бөлдү. Ушул багыттагы иштер аяктоо стадиясында турат», - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күнү өлкөдө 1,6 млн баштан ашык ири мүйүздүү мал, 6,1 млн майда жандык жана 500 миңге жакын жылкы эсептелет.

«Муну эске алуу менен, инспекциянын кызматкерлери өз милдеттерин чоң жоопкерчилик менен аткарышты. Ветеринардык системанын милдети үй жаныбарларын эмдөө гана эмес, биринчи кезекте жарандарыбыздын саламаттыгына кам көрүү болуп саналат. Адамдарга жуктурбоо үчүн үй жаныбарларынын ооруларынын алдын алуу керек. Биз үйүбүздө кандай тамак жеп жатканыбызды билүүгө тийишпиз», - деп белгиледи өкмөт башчы.

Маалымдама: КР өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында 70,8 млн сомго 54 унаа сатып алынган, алар ведомствонун аймактык башкармалыктарына бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий