• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев ветеринардык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27 –апрелде ветеринардык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдиргендей, Премьер-министрдин куттуктоо сөзү төмөнкүдөй:

“Урматтуу ветеринария кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Ветеринария кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Тамак-аш коопсуздугу – элдин жана мамлекеттин коопсуздугу. Өз убагында жан-жаныбарларды ар кандай жугуштуу оорулардан алдын алуу менен элибиздин саламаттыгына таасир этүү – Ветеринария кызматынын башкы максаттарынын бири.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ветеринария тармагына олуттуу көӊүл бөлүнө баштады.Малды дарылоого мамлекеттик бюджеттен акча каражаты жетишээрлик бөлүнүүдө, жалпы республика боюнча бодо мал идентификациялоодон өткөрүлүп, маалыматтык системага киргизилди.

Ветеринардык лабораториялар модернизацияланып,улуттук статуска ээ болду. Балыкчы, Каракол, Баткен, Талас шаарларындагы зоналык 4 лаборатория борбору салынып, өлкө ичинде 12 райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлору оңдоо жумуштары жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин Реестрине ата мекендик кайра иштетүүчү 43 ишкана киргизилди. Мындан тышкары Мамлекеттик ветеринардык чек ара пункттарында модулдук контейнерлер коюлуп ишке берилди.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу менен айыл чарба продукциясын өлкөгө алып келүүдө жана өлкөдөн ташып чыгууда көзөмөл жүргүзүү иштери чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ветеринария тармагына байланышкан бардык кырдаалдарда кесипкөйлүгүңүздөрдү жана ишке ак ниеттүү мамилеңиздерди көрсөтөсүздөр деп ишенем.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, ишиӊиздерге жаратмандык ийгиликтерди жана бакубатчылык каалайм!”.

Пикир

Оставить комментарий