• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Вирустун киришине даярдык көрүүгө биздин убактыбыз болду жана эмне кылуу керектигин да билебиз

Өкмөт 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Биз бардык жоопкерчиликти түшүнүү, тартипти жана өздүк гигиенаны сактоо менен гана коронавирус инфекциясын жеңе алабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.

«Өлкөгө инфекциянын киришине жол бербөө боюнча биздин аракеттерибизге карабастан, вирусту жуктуруп алган 3 учур аныкталды. Бул 2020-жылдын 12-мартында Сауд Аравия Королдугунан келген жарандар. Ошол учурда бул мамлекет эпидемиологиялык жактан туруксуз болгон өлкөлөрдүн категориясына кирчү эмес. Ошондуктан алар алгачкы текшерүүдөн кийин үй карантинине алынган. Дарыгерлер аларды күнүгө текшерип турушкан, - деп белгилеген Мухаммедкалый Абылгазиев – Вирустун киришине даярдык көрүүгө биздин убактыбыз болду жана түзүлгөн кырдаалда эмне кылуу керектигин да билебиз. Вирустун кирүү мүмкүндүгү күндөн-күнгө өсүп турду жана кийинки иш аракеттерге даярданганбыз. Ошол рейс менен келген 135 жүргүнчүнүн баары өзүнчө бөлүнүп, изоляцияга алынды», -деп кошумчалады.

Өкмөт башчы министрлер кабинетинин алдында турган милдеттерге токтолду.

411,0 млн сомго 20 мин тонна ун сатып алуу тууралуу сунушу парламенттин кароосуна киргизилди. Мындан тышкары республикалык бюджеттен бөлүнгөн 400 млн сом жана «Айыл банк» жана «РСК банк» ААКлардан бирдей үлүштө бөлүнгөн 400 млн сом азык-түлүк менен камсыздоо жаатында ишкерликти өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды бөлүүгө багытталат.

«Ошондуктан, өлкөнү зарыл болгон азык-түлүк жана биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын запасы менен камсыздоо маселеси болбошу керек. Чек ара аркылуу жүк ташуу кадимки режимде ишке ашырылууда. Мен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен эки ирет сүйлөштүм. Биздин пикирлерибиз келишет. Чек араларыбыз жабык болгон шартта да, жүк ташуу үчүн чектөөлөр болбошу керек. Ишкерлерди колдоонун маанилүү экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Ата мекендик бизнеске учурдагы шарттарды эске алуу менен колдоо көрсөтүүнүн таасирдүү механизмдерин сунуштоо кажет. Жыл башынан бери бюджетке 2,5 млрд сомдон ашык салык түшпөй калды. Бирок бул калкыбыздын саламаттыгына салыштырмалуу эч нерсеге татыбайт. Биз бул нерседен өтүшүбүз керек. Өкмөт жарандардын алдында өзүнө алган бардык социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев, ал түзүлгөн кырдаалда иш-аракеттердин бардык алгоритмдерин так аткаруу жалгыз туура кадам экендигин белгиледи.

«Тартип жана жоопкерчилик менен гана коронавируска каршы күрөштө жеңишке жетишүүгө болот. Башка эл кандай чакырыктарга кабылганын жана бул сыноолорду кандай баа менен өтүп жатканын баарыңыздар көрдүңүздөр», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр күндөп-түндөп нөөмөттө турган медицина, чек ара кызматкерлеринин жана башка кызматтардын адистеринин ишин өзгөчө баса көрсөттү.

«Бул адамдар өткөрмө жайларында күнү-түнү иштеп жатышат. Алардын ооруну жуктуруу тобокелдиги эң жогору. Нускамалар боюнча аларга туугандары менен жолугууга тыюу салынган. Ошондуктан алар дагы изоляцияланган. Биз аларды колдошубуз керек», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий