• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Военно-Антоновка айылындагы мектептин курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы 700 орундуу орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Объекттеги курулуш иштери 2012-жылы башталган. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда, мектептин сметалык баасы 154 млн сомду түзөт.

Өкмөт башчы 80% аяктаган мектептин курулушунун жүрүшүн карап чыгып, аны өз убагында жана сапаттуу аяктоону тапшырды.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин кышкы бассейнинин абалын көрүп чыкты.

Советтик мезгилде бул олимпиадалык стандарттагы объект 1977-жылы ишке берилип, өзгөчө маанилүү катары тейленген. Бассейнде 25 метрлик 6 жолчо бар, тереңдиги 1,7 метрден 4 метрге чейин жетет.

Ошончо мезгилден бери объект капиталдык оңдоодон өткөн эмес, чатырын жана бассейндин ичин, дубалын, терезелерин жана башка майда оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда үстү жабык бассейн авариялык абалда турат.

Бассейн аймактагы уникалдуу объект экенин жана спортту жайылтууда чоң роль ойной турганын, ошондой эле Кара-Балта шаардык жергиликтүү бюджетинин каражаттары чектелүү болгондугун эске алуу менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев олимпиадалык стандарттагы бассейнди калыбына келтирүү үчүн зарыл каражаттарды табууну тапшырды.

Көрсөтүлгөн объектиде имараттын шыбын, тышкы кыш дубалын, терезе бөлүктөрүн жана орундарын оңдоо гана эмес, сүзүү үчүн гидроизоляциясын калыбына келтирүү, ошондой эле темир бетон конструкциясын дат басуудан коргоо гидроизоляциясын жүргүзүү менен бассейндин ичин оңдоо зарыл.

Пикир

Оставить комментарий