• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Жалпы жеңилдиктер тутуму + макамынын алкагындагы иш-чаралардын деталдык планын иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-июлда берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму + (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган макам атамекендик продукцияны Европа өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз экспорттоо мүмкүндүгүн ачат.

Мындан тышкары анын айтымында, ВСП + жеңилдетилген сатуу рыногун кеңейтүү жана адам укугун, айлана-чөйрөнү жана эмгекти коргоо жаатындагы эл аралык конвенциялардын талаптарын аткаруучу катары өлкөнүн аброюн жогорулатуу эсебинен өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууга шарт түзөт.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан ЕБ өлкөлөрүнө биринчи кезекте айыл чарба продукцияларын, ошондой эле текстилдик жана кийиз буюмдарын жана башкаларды экспорттоо үчүн жетиштүү мүмкүндүккө ээ.

Буга катар Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү күндө ВСП+ макамынын артыкчылыктарынын белгилүү бөлүгү гана пайдаланылып, жеңилдиктер толук эмес көлөмдө колдонулуп жаткандыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, бул макам 6 миңден ашуун товардык позициянын алымсыз жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Статистикага ылайык, 2016-жылы ЕБ өлкөлөрүнө экспорттун жалпы көлөмү алтынды экспорттоону эсепке албаганда, 72,3 миллион АКШ долларын түзгөн, анын 4,4 пайызы (3,2 млн АКШ доллары) гана ВСП+ жеңилдиктер режими алкагында жеңилдетилген тарифтик коюм боюнча бажыдан өткөрүлгөн.

Олег Панкратовдун маалыматы боюнча, атамекендик экспорттоочулар үчүн негизги көйгөй катары тастыктоочу документтерди алууда техникалык тоскоолдуктардын орун алуусу, Европа өлкөлөрүндөгү өнөктөрдү издөөдөгү жана атамекендик товарлардын ЕБ сапаты боюнча талаптарга дал келүүсүн тастыктоодогу кыйынчылыктар, ЕБ рыногундагы жогорку атаандаштык, ошондой эле өлкөнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу жогорку транспорттук чыгымдар саналат.

Өкмөт башчы өлкө ишкерлеринин арасында кеңири түүшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, ошондой эле аларга ВСП+ макамы алкагындагы жеңилдиктерди пайдаланууда колдон келген көмөктү көрсөтүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Премьер-министр алга жылдырууга өзгөчө басым жасоо зарыл болгон атамекендик продукциялардын кеңири белгилүү товардык позицияларын аныктоо зарылдыгын белгиледи.

"Биз европалык рынокто башкалардан айырмаланчу жана сатып алуучулар арасында кызыкчылык жараткан товарларды алга жылдыруубуз керек. Биз бул багытта тутумдук ишти жүргүзүүбүз зарыл", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга эки жумалык мөөнөттө Жалпы жеңилдиктер тутуму + макамынын алкагында ЕБ өлкөлөрүнө экспортту жогорулатууга багытталган иш-чаралардын деталдык планынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий