• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Ысык-Көлдөгү уран кенин текшерүү үчүн МАГАТЭ эксперттери тартылат

Коом 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенинде ишмердүүлүктү изилдөө боюнча комиссиянын ишине эл аралык, анын ичинде Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттери тартылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешинин жыйынында өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетту кароо учурунда билдирди.

Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн тарыхын айтып берди.

Ал билдиргендей, «Юразия Кыргызстан» компаниясы 2004-жылы катталган. 2010-жылы ал жаратылыш ресурстары министри Кайрат Жумалиевдин колу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат алган. Андан соң 2011-жылы Замирбек Эсенамановдун колу менен компанияга лицензия берилген. 2012-жылы уруксатка Ишимбай Чунуев кол койгон, 2015-жылы уруксатты узартууга Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон. 2016-жылы лицензия ошондой эле узартылган.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, бүгүнкү күнү чечим кабыл алууга негиз керек, буга байланыштуу атайын комиссия түзүлгөн.

«Комиссиянын курамына жогорку класстагы, анын ичинде МАГАТЭ жана эл аралык уюмдардан адистер, ошондой эле жарандык активисттер жана экологдор тартылат. Комиссиянын иши болушунча ачык жана объективдүү болушу керек. Эгерде уран кенинин ишмердүүлүгүндө экологияны бузуу жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиктери бар экендиги аныкталса, анда албетте, биз тиешелүү чечимди кабыл алабыз», - деди Абылгазиев.

Эске салсак, 22-апрелде премьер-министр Абылгазиев «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий