• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Заманбап дүйнөнүн жөнөкөй эмес шарттарында элдердин маданиятынын кайталангыстыгын сактап калуубуз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. «Заманбап дүйнөнүн келечеги – бул жогорку инновациялык технологиялардын жана ааламдык илимий жетишкендиктердин жыйындысы. Ушул сыяктуу жөнөкөй эмес шарттарда биз элдердин маданиятынын жана салт-санаасынын уникалдуулугун сактап калуубуз керек», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад»амфитеатрында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын ачылыш салтанатында.

Өкмөт башчы белгилегендей, меймандос кыргыз жергесинде үч күндөн бери жогорку коноктордун жана дүйнөнүн бүт булуң-бурчтарынан келген делегациялардын катышуусундагы ири масштабдагы иш-чаранын өтүшүнө жалпы коомчулук күбө болуп жатат.

«Кыргызстанда – көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде, жайкалган Кырчын жайлоосунда Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары ийгиликтүү, бүйүрдү кызыткан, бийик деңгээлде өтүп жатат. Эл аралык эксперттердин рейтинги боюнча, Кыргызстанда өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2018-жылдын үч эң маанилүү окуяларынын катарына киргизилди. Дүйнөлүк коомчулукта мааниси жагынан уникалдуу жана популярдуу деп табылды. Бул Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Муну менен катар иш-чаранын дүйнөлүк телеканалдардан, массалык-маалымат каражаттарынан кеңири жана түз берилип жаткандыгы кубандырып жатат. Көчмөндөр оюндары менен кошо биздин жергебизге, кутман элибизге кут түштү десек болот. Кыргыз жергесинин табияты, каада-салты, үрп-адаты, улуттук колорити менен дүйнө коомчулугу жакындан таанышууда», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өлкөнүн Премьер-министри белгилегендей, «Көчмөндөр ааламы»этнофестивалынын ачылышы көчмөндөрдүн духу жана тарыхы менен жакындан таанышууга болгон ункалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

«Көчмөндөрдүн этномаданий салтын өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу аталган этнфестивалдын негизги максаты болуп саналат. Ар бир маданият – өз алдынча кайталангыс жана уникалдуу. Ар-кыл маданияттын жуурулушу бири-бирине жагымдуу таасирин тийгизип, аны байытууга өз салымын кошот. Түрдүү улуттук маданияттар кездешкен, Манас баатырдын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун меймандос кыргыз эли тууралуу жаркын элестер, кызыктуу учурлар эсиңиздерде көпкө чейин калат деп ишенебиз. Этнофестивалдын меймандары көчмөн элдердин маданияты менен жакындан таанышып, кыргыз элинин меймандостугу, кол тийгис жаратылышы жана Ысык-Көлү тууралуу жагымдуу пикирде калат деген ишеничтемин», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалынын алкагында алтай, монгол, тыва элдеринин муундан муунга берилип келе жаткан элдик оозеки чыгармалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болот.

«Жалпысынан алганда бүгүнкү этнофестивалга дүйнөнүн туш тарабынан 30дан ашуун чыгармачыл топтор келип, өзүнүн өнөрлөрүн көрсөткөнү турат. “Манас” эпосубуздун сакралдуулугуна, артисттик жана импровизатордук жандуу айтылышына конокторубуз күбө болушат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалынын катышуучуларына, намыс үчүн тикесинен тик туруп жогорку уюшкандыкта өткөрүп жаткан уюштуруучулардын жалпысына, ошондой эле белгилүү коомдук ишмерлер Ташкул Керексизовго, Аскар Салымбековго жана башка бир катар патриот демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий