• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Өзгөчө кырдаалдар режимин сактоо ар бирибизден жоопкерчиликти талап кылат

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар режимин сактоо ар бир кыргызстандыктан өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы буга чейин өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылуусунда республика боюнча өзгөчө кырдаалдар режимин узартуу тууралуу билдиргенин айтты.

«Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00до аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаалдар режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет. Коронавирус пандемиясынын дүйнөгө жайылышына байланыштуу түзүлгөн абал ар бир жарандан өзүнүн ден соолугуна жана өмүрүнө өзгөчө жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоо боюнча эрежелерди так аткаруунун негизинде гана бул инфекциясын жеңебиз», - деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, бүгүнкү күндө көрүлүп жаткан бардык чаралар эң башкысы жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган. Ал мекендештер киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү жана жоопкерчилик менен кабыл аларына ишеним билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы жакында «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» жана «Жарандык коргоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендигин айтты.

Мыйзамга ылайык, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы атайын комиссиялардын сунушу менен карантинди киргизүү же алып таштоо боюнча чечимди Өкмөт, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик райондук администрациялардын башчылары, мэрлер, жеке менчик түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кабыл алууга укуктуу болуп саналышат. Бул багытта Премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына жогорудагы атайын комиссиялардын ишин активдештирүүнү тапшырды.

«Айрым райондордо эпидемиологиялык абал начарлаган шартта комиссиянын сунушу менен карантиндик режимди киргизүү боюнча чаралар көрүлөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Өкмөттүн токтому менен карантиндик чараларды киргизүү жана аны ишке ашыруу тартиби бекитилди. Документке ылайык, эпидемиялык очок толук курчоого алынып, посттор орнотулат жана кайгуул кызматтары иштейт.

Премьер-министр кыргызстандыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, аралыкты карманууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий