• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 26-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, жазга маал өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселесине тийиштүү көңүл бурулушу керек, анткени. сел, жер көчкү, суу ташкыны сыяктуу ар кандай жаратылыш кырсыктарынын ыктымалдыгы күч алат.

«Сиздин ишке киришүүчү «убактыңыздын тардыгын» белгилеп кетким келет, анткени, сиздин иш алып баруучу тилкеңиз өтө жооптуу саналат. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жашоо үчүн кооптуу аймактарды аныктоо жана кырсыктардын алдын алууга байланыштуу маселелер ыкчам тартипте чечилиши кажет. Биздин негизги милдет – жарандарыбыздын өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Премьер-министрге аталган багытар боюнча министрликтин учурдагы иши тууралуу маалымдады.

Анын айтымында, жыл башынан бери республиканын аймагында 38 өзгөчө кырдаал жана ар-кыл масштабдагы 878 өрт кырсыгы катталган. ӨКМ ыкчам-куткаруу бригадалары алардын кесепетин кыска мөөнөттө жоюу үчүн тартылган.

Мындан тышкары, министрлик тараптан өлкө аймактарындагы кооптуу жаратылыштык жана техногендик процесстерге байланыштуу абалды үзгүлтүксүз негизде мониторингдөө жүргүзүлүп турат.

Нурболот Мирзахмедов маалымдагандай, кооптуу аймактарда жашаган жана көчүрүүгө муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмеси даярдалган. Аталган тургундардын дээрлик жарымы жеңилдетилген ссудалар жана жер тилкелери менен камсыздалган, бирок алар азыркы учурга дейре кооптуу аймактарда жашоосун улантууда.

Премьер-министр аталган маселе боюнча жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Буга катар Өкмөт башчы өлкөнүн аймактарындагы суу каптоолордун алдын алуу максатында дайралардын жээктерин чыңдоо иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу үчүн республикалык бюджеттен финансылык каражаттардын өз учурунда бөлүнүшүн камсыздоону тапшырды.

Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК менен биргеликте жарандардын турак-жайын өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан камсыздоо боюнча ишти активдештирүүсү, ошондой эле жарандар арасында өз мүлкүн камсыздандыруу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий