• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абылгазиев жаңы министр Жеенбаеваны жамаатына тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жамаатына жаңы министр Бактыгүл Жеенбаеваны тааныштырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган министрлик чоң күч-аракетти талап кылган татаал иш тилкеси катары саналат.

Премьер-министр ошондой эле министрликтин мурдагы башчысы Адылбек Касымалиевдин эмгегин белгиледи, анда Кыргызстанда бирдиктүү финансылык саясатты жүргүзүү жана финансыны уюштуруу жаатында сезилерлик оңдуу жылыштар орун алган.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы министр Бактыгүл Жеенбаеванын ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий