• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Жакын арада «Коопсуз шаар» долбоору Ош шаарында ишке киргизилет

Аймак 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Жакын арада «Коопсуз шаар» долбоору Ош шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын базасындагы «Бирдиктүү терезе» борборун кыдыруу учурунда билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, жакын арада Ош шаарында жана өлкөнүн бардык башка шаарларында «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилет.

«Бишкек шаарынын жолдорунда жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоочу аппараттык-программалык комплекстердин орнотулушу жол кырсыктарынын санынын кыскарышын шарттады. Жарандар долбоордун ишке киргизилишин жана биздин баштоолорубузду колдоп жатышат, себеби бул долбоор жолдордо коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Жакын арада долбоор Ош шаарында жана өлкөнүн башка шаарларында ишке киргизилет. Мен биз мында жолдордогу абалды кыйла өзгөртүп жана аларды бир топ коопсуз кылууга жетишебиз деп ишенем», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, мамлекеттик органдар, биринчи кезекте Ички иштер министрлиги жана Ош шаардык мэриясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дыкат иштерди жүргүзүп жана долбоорду ишке киргизүүгө тийиштүү деңгээлде даярдыктарды көрүүгө тийиш.

«Оштун жана түштүк борбордун жашоочулары долбоор ишке киргизилген соң ыңгайсыздыктарды сезбеши керек. Бул үчүн жол кыймылынын абалын өтө тыкыр талдап чыгып жана тиешелүү түзөөтүлөрдү киргизип, инфраструктураны тийиштүү түрдө даярдоо кажет», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, «Бирдиктүү терезе» режими аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр арыз калтырууга убакыт коротууну азайтып, маалыматтарды киргизүү жана акы төлөө механизмин жөнөкөйлөштүрөт.

Борбордун ишинде ар түрдүү уруксат кагаздарын алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү каралган. Ошондой эле бул жерде соттолгондугу тууралуу маалым кат жана кооптуу жүктөрдү унаа каражаттары менен ташууга уруксат берилет, жарандык жана кызматтык куралдарды, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык заттарды жүгүртүүгө лицензия жана уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алуу жана берүү ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий