• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Жакынкы айларда коом Ачык Өкмөттү түзүү боюнча иштердин конкреттүү натыйжаларын көрө алат

Өкмөт 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча «Ачык Өкмөт» Улуттук иш-аракеттер планынын бет ачары боюнча конференцияга катышты. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп бул эл аралык демилгеге кошулган. Конференциянын башталышында Өкмөт башчы Кыргызстандагы Ачык Өкмөткө арналган арт-инсталляцияны ачты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өз сөзүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, кыргызстандыктардын күчтүү эрки менен өлкөдө анын өнүгүүсүнө жана гүлдөшүнө бекем негиз түзүлдү.

«Саясий атаандаштык камсыздалды, сөз эркиндигине эч кандай чектөөлөр жок, өлкөдө кубаттуу жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары өз ишмердигин жүргүзүшөт. Биз таза жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү камсыздай алдык, коомдук туруктуулук орноду. Биздин эл бул өзгөрүүлөрдү сезишет, алар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, айлык акыларды жана пенсияны жогорулатуу менен байланыштуу», – деди Өкмөт башчы.

Бирок, Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мамлекеттин алдында коррупциянын тамырын кыркуу жана мыйзам үстөмдүгүн орнотуу боюнча маанилүү милдеттер турат. «Биздин адамдар коррупция коомдук мамилелердин бардык тармактарына сиңген. Буга каршы таасирдүү аракеттенүү үчүн бардык бийлик бутактарынын гана эмес, жарандык коомдун дагы күч-аракеттери зарыл», – деди Премьер-министр.

«Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн бир нече жолку кайрылууларында коррупцияга каршы күрөш боюнча милдеттерди коомчулуктун алдында так белгиледи: «Бийлик элдин үнүн угууга жана ачуу чындыкты таанууга тийиш. Коррупция менен күрөш жалпы элдик мүнөзгө ээ болуусу кажет». Мамлекеттик органдардын өзүндө эрк болгон шартта гана коррупция менен күрөшүү мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Ал майтарылбас, ырааттуу жана таасирдүү болууга тийиш! Калктын жана келечек муундун алдындагы жоопкерчилигибизди сезишибиз керек!», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы кездери коррупция менен күрөштө масштабдуу, максаттуу иштер жүргүзүлүүдө, коомчулук бул тууралуу билет жана президенттин бул баштоолорун кубаттайт.

«Бийликтин ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу максаттарында Кыргыз Республикасы Борбор Азияда биринчилерден болуп 2017-жылдын ноябрында расмий түрдө «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнүн мүчөсү болду. Демилгенин талаптарына ылайык, Кыргызстанда Ачык Өкмөттү түзүү боюнча эки жылдык «Ачык Өкмөт» Улуттук иш-аракеттер планы иштелип чыккан жана 2018-жылдын 16-октябрында биз аны бекиттик», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса белгилегендей, Планда учурдагы чыныгы абал чагылдырылган, анда аракеттүү иш-чаралар камтылган жана жакынкы айларды коом иштин конкреттүү натыйжаларын көрө алат.

«План комплекстүү болуп саналат, ал ишмердиктин дээрлик бардык түрлөрүн, Өкмөттүн жарандар менен өз ара аракеттешүүсүн, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө, сот тутумунун ачыктыгы, мамлекеттик каражаттарды сарптоо, анын ичинде тышкы жардам жана мамлекеттик сатып алуулар, шайлоо жана саясий каржылоо маалыматтарынын толук ачыктыгы, ошондой эле мурда жашырылган архивдик маалыматтарды ачуу тармактарында маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камтыйт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, Ачык Өкмөттү куруу алкагында үзгүлтүксүз иштеп турган уникалдуу аянтча – Улуттук форум түзүлгөн. Ал бийликтин бардык бутактарынын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда паритеттик негизде түзүлгөн.

«Жыйынтыгында биз башкаруу чечимдерин кабыл алуу, мамлекеттик бийлик бутактарынын бардык органдарынын ишиндеги процесстерге жарандык коомдун кеңири чөйрөсүнүн түздөн-түз катышуусун жана коомдук көзөмөлдү күчтөндүрүүнү кароодобуз. Ачык Өкмөттү мамлекеттин күчү менен гана куруу мүмкүн эместигин белгилеп кетким келет. Ошондуктан бардык активдүү жарандарды, бейөкмөт уюмдарды, бизнес-түзүмдөрдү, ишкерлерди аталган ишке активдүү катышууга чакырам», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Өкмөткө Ачык Өкмөттү курууга ар тараптуу көмөк көрсөткөн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди жана аталган Өнөктөштүк алкагында бардык кызыкдар тараптар менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Биз мамлекеттик башкарууда демократия жана айкындуулук үзгүлтүксүз байланышта экендигин, мында заманбап коомду куруудагы ийгилигибиздин негизи тургандыгын эсте тутуубуз керек», – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Андан соң жыйын алкагында Кыргызстанда Ачык Өкмөттү куруу боюнча демилгени ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр чыгып сүйлөштү.

Тактап айтканда, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысынын орун басары, Элчи Валериу Киверь билдиргендей, жарандар Өкмөт аларды тыңдап, жооп кайтарышын каалашат.

«Албетте, биз жалпыбыз алдыда жөнөкөй эмес милдеттер тургандыгын түшүнөбүз. Бирок биз бүгүн Өкмөттүн уюштуруучулук маданиятын өзгөртө алчу революциянын баштапкы баскычында турабыз. Кыргыз Өкмөтүнүн аталган демилгеге карай ачыктык жана кабыл алуу деңгээли мыкты. Активисттер жана ассоциациялар Өкмөттүн ишенимдүү союздаштары саналат жана Ачык Өкмөт боюнча милдеттенмелердин аткарылышы – коом жана Өкмөт аралык өнөктөштүгү үчүн негизди күчтөнтүү, эки тараптын идеяларына жеткиликтүүлүк, эки тараптан колдоого алуунун кеңейтилиши жана маанилүү жана олуттуу маселелердин чечилиши болуп саналат. Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси бул маанилүү процессти коштоп барууну сыймык деп эсептейт жана маанилүү өнөктөш катары калат», – деди Валериу Киверь.

Конференциянын соңунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ачык Өкмөт» Иш-аракеттер планын иштеп чыгууга активдүү катышкан милдеттенмелердин демилгечилерине ыраазычылык кат тапшырды.

Маалымдама:

2017-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасы Open Government Partnership (OGP) өнөктөштүгүнүн 75-катышуучу-өлкөсү катары расмий түрдө кабыл алынган. OGP – айкындуулукту, жарандардын укугун жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү, коррупцияга каршы күрөшүүнү жана башкарууну күчтөндүрүү үчүн жаңы технологияларды пайдаланууну камсыздоо боюнча өкмөттөрдүн милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге.

Пикир

Оставить комментарий