• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарын кыдырат

Өкмөт 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына барат.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылында социалдык объектинин ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы бир катар социалдык, инфраструктуралык мекемелердин абалы жана өндүрүштүк ишканалардын ишмердиги менен таанышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий