• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы эки мектептин абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында аймактагы эки мектептин абалын көрдү, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчыга Аксы районунун Өлөң-Булак айылындагы М. Шатманов атындагы №28 мектеп 1964-жылы курулганы тууралуу маалыматтар берилди.

Мекеме 150 окуучуга ылайыкталган, бирок учурда мектепте 400дөн ашык бала окууда, аларга 28 мугалим билим берип жатат. 1990-жылдары жер көчкүнүн кесепетинен билим берүү мекемесинин көпчүлүк бөлүгү талкаланган. Мектептин жараксыз абалга келишине жана окуучулардын көп болгондугуна байланыштуу жаңы 280 орундуу билим берүү мекемесин куруу маселеси курч болуп турат.

Өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында социалдык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө маани берилээрин белгиледи.

«Өкмөт өлкөнүн билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча бир катар чараларды көрүүдө. Билим берүү жана маданий мекемелердин курулуш иши менен катар, биз мугалимдердин эмгек акысын жогорулатууга жетишүү максатын койдук. Бул актуалдуу маселе экенин түшүнүп турабыз. Биздин мугалимдер татыктуу эмгек акы алуусу керек. Аларга жогорулатылган айлык берүү боюнча тийиштүү эсеп-кысап иштери соңуна чыгып калды», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдер менен маектешип жатып.

Билим берүү мекемеси менен таанышкан соң, Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга ыкчам түрдө жаңы имараттын курулушу боюнча иш-чараларды бүтүрүүнү тапшырды.

Андан соң Өкмөт башчы Ала-Бука районунун Падек айылындагы 275 орунга ылайыкталган Т.Жоробеков атындагы орто мектептин курулуш иши менен таанышты.

Республикалык бюджеттен каржыланып жаткан мекеменин сметалык баасы 59 млн сомду түзөт. Курулуш иштери аяктоо алдында турат.

«Балдарыбыз билимдүү болсо, келечекке ишенимдүү карайбыз. Ошондуктан биз билим берүү тармагына жакшы шарттарды түзүп, сапаттуу билим берүүнү камсыз кылып беришибиз керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий