• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы эки мектептин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы эки мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтый камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, Жалал-Абад шаарындагы "Бабкин" атындагы №1-орто мектеп 1927-жылы курулган. Мекеме 600 окуучулук орунга эсептелген, бирок азыркы тапта мектепте эки миңден ашуун окуучу үч сменде билим алууда. Мектеп имаратынын эскилиги жеткендигине жана анын жүктөмү оорлошкондугуна байланыштуу бүгүнкү күндө жаңы мектеп куруу маселеси турат.

Өкмөт башчы белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү боюнча өкмөттүк программанын алкагында социалдык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө маани берилет.

“Өкмөт билим берүү тутумун жакшыртууга багытталган бир катар чараларды кабыл алууда. Тактап айтканда, мен тарабынан жаңы стандарттар каралган документке кол коюлган, анда англис тили саатын 2ден 5ке дейре жогорулатуу, ошондой эле информатика сабагынынын санын көбөйтүү каралган. Мунун өзү биздин билимдүү, алдыңкы жаштардын тарбияланып чыгышын кааларыбызды билдирет. Биз сиздерге чоң үмүт артабыз. Силер кесип тандоого олуттуу карап, эмгек рыногунда суроо-талака ээ болгон кесипти тандап алууңар керек, ал силердин келечегиңерди аныктайт”, - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев окуучулар менен маектешүүдө.

Билим берүү мекемеси менен таанышып чыгып, Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга мектептин жаңы имаратынын курулушун баштоо мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды.

Андан соң Өкмөт башчы Базар-Коргон районунун Жай-Терек айылында А.Монокбаев атындагы №29-орто мектепке барды.

Мугалимдер менен жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев окутуучуларды, ата-энелерди өз мекенин сүйгөн мекенчил жана анын өнүгүүсүнө өз салымын кошууга умтулган эмгекчил катары тарбиялоо үчүн балдардын окуусуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Кыдыруунун жыйынтыгында Премьер-министр бул мектептин аймагында ичүүчү суу менен камсыздоо линиясын ачты.

Пикир

Оставить комментарий