• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев жана АӨБ аткаруучу директору кызматташтыктын келечегин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 9-июлда, Азия Өнүктүрүү банкынын аткаруучу директору Сиуркани Исхак Касим менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы Сиуркани Исхак Касимди АӨБ аткаруучу директору кызматына дайындалышы менен куттуктады жана ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Премьер-министр АӨБгө өкмөттүк реформаларга колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү анын маанилүү ролун белгиледи.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасындагы АӨБдүн инвестициялык портфели эң ири портфелдерден болуп саналат.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөнүн 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы иштелип жатат. Ошондой эле ал Өкмөт алдында орто мөөнөттүү мезгилге активдүү жана максаттуу мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашыруу боюнча чоң иш тургандыгын белгиледи, буга байланыштуу «Биримдик, Ишеним, Жаратмандык» программасы иштелип чыккан.

Мындан тышкары, Премьер-министр белгилегендей, дагы бир өкмөттүк маанилүү программалардын бири катары « Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга Аймактык саясат концепциясы» саналат, анын алкагында тандалып алдынган шаарларды өнүктүрүү болжолдонууда, алар жалпы регион үчүн «өнүгүү түйүндөрү» болуп калмакчы.

Өкмөт башчы ошондой эле атамекендик экономиканын негизги стратегиялык багыттарын эске алуунун , анын катарында АӨБ тарабынан Кыргыз Республикасы менен 2018-2022-жылдарга Өнөктөштүк боюнча стратегияны иштеп чыгууда суу менен касыздоо жана ирригация маселелерин эске алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

АӨБ аткаруучу директору Сиуркани Исхак Касим кыргыз тарапка бардык айтылган маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Ал АӨБ Кыргызстан үчүн инвестордун ролунда гана эмес, жакынкы өнөк катары чыгууну каалагандыгын баса белгиледи.

Сиуркани Исхак Касим маалымдагандай, аймактык өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен катар АӨБ ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары мамлекеттик тейлөөлөр сапатын жакшыртуу эсептелет.

АӨБ аткаруучу директору Кыргызстан менен мындан ары карай жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий