• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы кызматташтык маселелерин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 3-августта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтык жана Кыргыз Республикасындагы ЕККУ программалык-долбоорлук ишмердигин ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

«Биз демократиялык кайта өзгөртүүлөр жана социалдык–экономикалык өнүгүү менен байланыштуу процесстерде ЕККУ тараптан колдоону ар дайым сезип турабыз. Ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруудагы көмөгүңүздөр жана аракеттешүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мен биздин өлкө менен ЕККУнун ортосундагы мындан аркы кызматташуу өнүгүп жана жаңы программалык долбоорлор менен толукталарына ишенем», - деп баса көрсөттү премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУ тарабынан терроризмге каршы аракеттенүү жана радикализм көрүнүштөрү менен күрөшүүдө жасалган колдоону, экономика, экология жана айлана чөйрөнү коргоо тармагында аткарылган зор иштерди айрыкча белгиледи.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ачык Өкмөтүн куруу процессинин ачык-айкындыгына басым жасады.

«Биздин республика «Ачык Өкмөт» («Open Government Partnership») өнөктөштүгүнө кошулган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болду. Демилгеге аймактан биринчи болуп кошулуу – бул чоң сыймык, ошол эле учурда зор жоопкерчилик. Өкмөт ачык-айкындуу иштөө милдетин өзүнө алды. «Ачык Өкмөт» жарандык коом менен диалогду жөнгө салууга, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча органдардын отчеттуулугун калыптандырууга жардам берет. Бул Демилге биз үчүн абдан маанилүү. Учурда биздин алдыбызда эки жылдык иш-аракеттердин Улуттук планын түзүү милдети турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик башкаруунун ачык тутумун түзүү боюнча натыйжалуу иштерге багытталган.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс зарыл болгон көмөктү көрсөтүү менен биздин өлкөнү мындан ары да колдоого даярдыктарын баса көрсөттү.

Анын айтымында, 20 жылдык кызматташуу учурунда ЕККУ тарабынан республикага 120 млн АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүлгөн. Учурда ЕККУ өлкөнүн мамлекеттик органдары менен сот жана шайлоо тутумун өнүктүрүү, санариптештирүү жана башка тармактарда биргелешкен иштерди жүргүзүүдө.

«Ишмердик жылдары уюм тарабынан республиканын өкмөттүк түзүмдөрү менен конструктивдүү иштөө модели түзүлдү. Грузиядагы «Ачык Өкмөт» Эл аралык өнөктөштүк демилгесинин 5-саммитинин ишине Сиздин ийгиликтүү катышууңузду белгилеп кетким келет. Бул жалпы өлкөнүн имиджине жана анын инвестициялык жагымдуулугуна оң таасирин берет», - деп жыйынтыктады Пьер фон Аркс.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы «Түндүк» электрондук эл аралык өз ара аракеттешүү тутумун киргизүүгө басым жасады, ал бир катар аспектилерди иштеп чыгууга муктаж.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар үстүбүздөгү жылдын күзүндө электрондук бизнес жана парламентаризм боюнча иш-чаралардын түрмөгүн жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий