• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев жана Грузиянын Премьер-министри Мамука Бахтадзе эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 16-июлда, Тбилиси шаарында «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү Эл аралык демилгеси саммитине катышуу алкагында Грузия Республикасынын Премьер-министри Мамука Бахтадзе менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев Мамука Бахтадзени Грузия Өкмөтүнүн Башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады жана аталган жолугушуу эки тараптуу күн тартипте жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишеним билдирди.

«Кыргыз Республикасы Грузия Республикасы менен мындан ары достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биздин өлкө «Ачык Өкмөт» эл аралык өнөктөштүк программасына кошулган Борбор Азиядагы алгачкы өлкө экендигин эске алуу менен, жарандык коом менен ачык-айкын мамлекеттик башкарууну курууга багытталган иште тыгыз байланышты орнотуу жана аны алга жылдыруу багыты боюнча кетүүгө бекем ниеттенүүдөбүз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде, Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында да кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бизге Грузиянын IT-технологиялар, мамлекеттик башкаруу тутумундагы реформаларды ишке ашыруу, калкка мамлекеттик тейлөө көрсөтүү, ошондой эле энергетикалык жана транспорттук-логистикалык тармактагы тажрыйбасы өз пайдасын берет. Буга катар биз туристтик тармакты өнүктүрүү, санариптик экономиканы түзүү, тактап айтканда, салык процедураларын фискалдаштырууну киргизүү боюнча грузин тажрыйбасын иликтегибиз келет. Сиздердин адистер саламаттык сактоо, айыл чарба жана туризм жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга катыша алат», - деп белгиледи ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев үстүбүздөгү жылдын күзүндө Кыргыз Республикасында кыргыз-грузин өкмөт аралык комиссиясынын кеңешмесин өткөрүүнү сунуштады.

Грузиянын Премьер-министри Мамука Бахтадзе белгилегендей, грузин тарап Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан демократиялык өзгөрүүлөрдү толугу менен колдоого алат.

«Грузия Өкмөтү кыргыз тараптын өкмөт аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрүү тууралуу сунушун колдоого алат. Буга катар биз санариптик экономика жана салык процедураларын фискалдаштыруу маселеси боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле «Ачык асман» долбоорун ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашууга даярбыз. Буга катар соода-экономикалык кызматташтыкты иш жүзүндө жакшыртууга багытталган кадамдар чоң мааниге ээ, бул багыттагы алгачкы кадамдардын бири катары Бишкек жана Тбилиси аралык түз авиакаттамдын ачылышы болуусу мүмкүн», - деди Мамука Бахтадзе.

Грузиянын Премьер-министри мындан тышкары ар кыл жаштар долбоорун ишке ашыруу жаатында өз ара аракеттешүүнү күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, мунун өзү эки тараптуу экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерге оңдуу таасирин тийгизет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ткибули шаарындагы (Грузия Республикасы) шахтада бүгүн, 16-июлда, орун алган кырсыктын натыйжасында каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл атты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча ведомстволор аралык тыкыр кеңешмелерди өткөрүү тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий