• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев жана Монголиянын премьер-министринин орун басары кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Монголиянын Премьер-министринин орун басары Улзийсайхан Энхтувшин эки жактуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Монголия менен эки тараптуу мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүнү ар дайым колдойт жана ал бүгүнкү жолугушуу бул багыттагы активдүү иштер үчүн түрткү болоруна ишеним билдирди.

«Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнүгүү потенциалына ээ соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүүгө тийишпиз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде Монголиянын Премьер-министринин орун басары Улзийсайхан Энхтувшин жолугушуу жана кыргыз-монгол кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн элдеринин маданий-тарыхый байланыштарын эске алуу менен артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууларды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакын арада Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн туристтик потенциалын эсепке алуу аркылуу тоо кен казуу жана туризм тармактарында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү баса көрсөтүлдү.

Жолугушуу 12-октябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган (Тажикстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында өттү.

Пикир

Оставить комментарий