• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев жана Расулзода кызматташтыктын келечегин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кохир Расулзода кыргыз коллегасы менен саламдашууда белгилегендей, мындай жолугушуулар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык уюмдар алкагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет.

«Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер достук жана коңшулук негизинде курулат. Эки бир тууган элдер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо эки республикада жашаган жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз делегациясынын мүчөлөрүн жылуу тосуп алгандыктарына ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө зор маани берерин белгиледи.

«Быйылкы жылы болуп өткөн эки мамлекеттин Президенттеринин үч жолугушуусу кыргыз-тажик кызматташуусун бардык тармактарда өнүктүрүүгө оңтойлуу дем берди. Мен байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо эки өлкө менен анын элдеринин улуттук кызыкчылыктарына дал келерине ишенем. Биздин республикалардын ортосундагы товар жүгүртүүнү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйтүү – биздин туура жолдо бара жатканыбыздын ачык далили», - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчылар Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерин активдештирүүнү жана алардын жолугушуусун жакынкы арада өткөрүүнү макулдашышты.

Эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин жолугушуусу 12-октябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган (Тажикстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында өттү.

Пикир

Оставить комментарий