• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.19. /Кабар/. Ташкент шаарында, Өзбекстанга иш сапар менен барган КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун жолугушуусу болуп өтүп, жолушууда ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки өлкө үчүн тең маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берген жолугушуу өтүп жатканына кубанычта экендигин билдирген.

«Биздин жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн динамикасы өз жыйынтыктарын берип жатат. Мамлекет башчыларыбыздын ортосундагы ишенимдүү мамилелер жана орногон достук алака коңшу өлкөлөрдүн ортосунда өз ара аракеттешүү тарыхынын жаңы барагын ачты. Бул оң учурлардын бардыгы боордош элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдейт», – деди Абдулла Арипов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап Өзбекстан Республикасы менен мамиле түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

«2016-жылы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүү 50 млн АКШ долларын түздү. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүү, өзбек тараптын статистикасына ылайык, 446 млн АКШ долларын түзгөн. Бул акыркы 2,5 жылда товар жүгүртүү бир нече позициялар боюнча үч эсе, ал эми башка товардык номенклатуралар боюнча 10 эсе өскөнүн айтып турат. Эки мамлекеттин президенттеринин саясий эрки биздин экономикалык жана маданий байланыштарыбызды бекемдеп, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда интенсивдүү алакаларды өнүктүрөт», – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыттары боюнча эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара маселелеринде кызматташуу жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары карай активдештирүүгө тийиштүү маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий