• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев жарандарды жеке кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 26-июнда, өлкө жарандарын жеке кабыл алды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы менен жолугушууда жарандар өздөрүнүн бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө, ошондой эле алар тараптан көтөрүлгөн маселелерди кароого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Тактап айтканда, медицина тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу, салык тутумун жакшыртуу, ошондой эле финансылык оор абалга байланыштуу материалдык көмөк көрсөтүү жана турак-жай маселесин чечүү мүмкүндүгү боюнча сунуштар айтылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөттүн «Биримдик, ишеним, жаратмандык» программасынын негизги максаты жарандардын жашоо-шарттарын жана бакубаттуулугун жакшыртуу болуп саналат, буга байланыштуу мамлекеттик органдар тарабынан аталган багытта тийиштүү чаралар кабыл алынууда.

Өкмөт башчы бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынаарын белгиледи жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү структуралык түзүмдөрүнө жолугушуу жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө колдон келген көмөктү көрсөтүүнү тапшырды.

Мындан мурда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна кол койгон, ага ылайык, Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин 2018-жылдын 2-жарым жылдыгына карата жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий