• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы – Жарандык авиация күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу достор!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз авиациясы биздин республикабыздын калыптануу жана өнүгүү тарыхын чагылдырган түзүлүүнүн жеңил эмес жолун басып өттү.

Ошону менен бирге мезгилдин бардык кыйынчылыктарына карабастан, өлкөнүн жарандык авиациясы өзүнүн негиздүүлүгүн жана жогорку максаттарга жетишүү жана эң оор милдеттерди аткарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөттү.

Атамекендик авиаторлор 85 жылдыгын өз ишинин позитивдүү жыйынтыктары, оптимизм жана позитивдүү маанай менен тосуп жатат.

Жылдан жылга аба транспортунун кызматтарын пайдаланган жарандардын саны өсүүдө. Өлкөнүн аба кемелеринин учуу географиясыда да тайбай кеңейүүдө. Ыңгайлуу георафиялык жайгашуу биздин республиканын жакынкы жылдары дүйнөлүк транспорттук инфраструктуранын негизги звенолорунун бири болушун шарттайт. Бул жагымдуу факторду эске алуу менен биз бардык потенциалыбызды ушул стратегиялык максатка жетүү үчүн жумшоого тийишпиз.

Өлкөнүн бирдиктүү транспорттук тутумунун маанилүү звенолорунун бири болуу менен бирге өлкөнүн жарандык авиациясынын алдында зор милдеттер турат. Бул – жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын мындан аркы жакшыртуу, кызматтардын түрүн кеңейтүү жана ташуулардын коопсуздугун жогорулатуу, аба кемелеринин паркын баскычтуу жаңыртуу.

Жогорудагы милдеттердин баары ишке ашырылат. Бул үчүн өлкөнүн жарандык авиациясынын компетенттүү учкучтар жана техникалык курамы бар. Тармактын өзгөчөлүгүн эске алганда кесиптик салттуулукка ишеними, милдеттерин ак ниет жана жоопкерчиликтүү аткаруулары Кыргыз Республикасынын бүтүндөй жарандык авиациясынын ийгиликтүү ишинин кепилдиги болуп саналат.

Ушул майрам күнү Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын бардык кызматкерлерине иштерине ийгилик, бекем ден соолук, бакыт жана бакубатчылык каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий