• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев жарандык авиацияны өнүктүрүү үчүн МЖӨ механизмдерин киргизүү иштерин тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Манас» эл аралык аэропортун жана аймактык аэропортторду модернизациялоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Манас» аэропорту өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ, буга байланыштуу авиа түйүндү инвестиция тартуу аркылуу мындан ары карай өнүктүрүү жана модернизациялоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.

«Атаандаштык жылдан жылга өсүп жатат. Өлкө аймактарында аэропорттордун инфраструктурасы динамикалуу өнүгүүдө, учуу тилкелери модернизацияланып жана жүргүнчүлөр агымы көбөйдү. Биз ылайыктуу бизнес-модель табууга тийишпиз, ал натыйжалуу ишке ашырылып, аэропортту модернизациялоону камсыздап, инвестицияларды тартуу жолу менен атамекендик жарандык авиацияны өнүктүрөт», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдиргендей, парламентарийлер, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер курамына кирген жумушчу топ тарабынан үч ири эл аралык институттун сунуштары каралган.

Ал кошумчалагандай, бул сунуштар тыкыр изилденип, бүгүнкү күнү потенциалдуу инвесторлор үчүн өлкө аэропортторун өнүктүрүүнүн бир нече кыйла артыкчылыктуу варианттары тандалган.

Белгиленгендей, талкууда аймактын жана жергиликтүү аэропорттордун өзгөчөлүгүнө айрыкча көңүл бурулуп, ишенимдүү жана стратегиялык инвестор тартуу үчүн географиялык жайгашуу артыкчылыктары эске алынды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, жарандык авиацияны өнүктүрүү туризм, соода жана инвестиция сыяктуу тармактарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы «Манас» эл аралык аэропортун жана өлкөнүн аймактык аэропортторун өнүктүрүүгө инвестиция тартуу үчүн кыйла оптималдуу бизнес-моделди иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары ички аба каттамдарын өнүктүрүү жана өлкөнүн аймактарындагы аэропортторду өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.

Премьер-министрдин айтымында, «Манас» аэропорту кубаттуу жогорку технологиялуу жүргүнчүлүк жана жүк хабына айлануусу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо зарыл.

Пикир

Оставить комментарий