• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев жарандык авиациянын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандык авиациянын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

«Урматтуу авиаторлор!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Жарандык авиация күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жарандык авиация өзүнүн 86 жылдык тарыхында чоң жолду басып өттү. Кайраттуу, таланттуу жана өз ишине берилген инсандардын талыкпаган эмгегинин натыйжасында биздин жарандык авиация ийгиликтерге жетишти.

Бүгүнкү күндө авиациялык транспорт Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Сиздер адамдарга миңдеген чакырым жолдордон саналуу сааттарда өтүп, жумушчу жолугушууларга, үй-бүлөлүк иш- чараларга катышууга, эс алуу жерлерине жана окууга өз убагында жетүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатасыздар. Коммуникация ыкчам өнүгүп жаткан доордо убакыт өзгөчө баалуулукка ээ болот, аны сактоого сиздер – авация кызматкерлери жардам бересиздер.

Урматтуу авиаторлор!

Учкуч кесиби менен жаңы бийиктиктерге жана жетишкендиктерге умтулуу түшүнүгү бирге кабылданат! Сиздер аба катмарында көпүрө түзүү аркылуу адамдарды тийиштүү коммуникация менен камсыздап, дүйнө жүзү боюнча көп сандаган адамдарды байланыштырып турасыздар. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр – жарандардын коопсуздугунун кепилдиги.

Ушул майрам күнү авиация ардагерлерине, аба кемелеринин экипаждарына жана жер үстүндөгү кызмат өкүлдөрүнө иштеги ийгиликтерди, үмүт-тилектердин ишке ашуусун, ден-соолукту жана үй-бүлөлүк бакытты жана ачык асман каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий