• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдерин киргизүүгө жетишүүбүз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жер казнасын пайдалануу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү жана бир жумалык мөөнөттө өлкөнүн жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун жер казнасы обьектилерин пайдалануу укугуна сынактарды өткөрүү жана лицензиялаштыруу боюнча жасалып жаткан иштер жана жер казнасы тармагын реформалоо программасы тууралуу маалыматын укту.

Алсак, ал маалымдагандай, бүгүнкү күндө Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, мурда берилген лицензияларды инвентаризациялоо жүргүзүүлүүдө.

«Алдыда жер казнасын пайдалануу укугуна сынактарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча шарттарда мамлекеттик активдерди көбөйтүү масатында мамлекеттик катыштын милдеттүүлүгү каралат. Натыйжада, мамлекеттик үлүштүк катыш тоо-кен тармагына өз капиталын салган инвесторлор үчүн кепилдик катары кызмат кылып, жергиликтүү калктын инвесторлор менен мамилесин турукташтырат», - деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, жер казнасын башкаруу жана кендерди лицензиялаштыруу тармагындагы түзүлгөн абал кескин жаңы чаралардын кабыл алынышын талап кылат.

«Биз тоо-кен жана энергетикалык тамактар дүйнөлүк экономиканын, анын катарында өлкөбүздүн өнүгүүсүндө маанилүү орунда тураарын так түшүнүүбүз керек. Тажрыйба көрсөткөндөй, көптөгөн жылдар бою иштеп келген лицензиялоо тутуму ачык эмес бойдон калууда жана ал коррупциялык көрүнүштөрдүн тобокелдигин жаратууда. Биз улуттук байлыктар элдин, атамекендик экономиканын кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу пайдаланылышына жетишүүбүз керек», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр кеңешме катышуучуларынын көңүлүн жер казнасы тармагын башкаруунун жаңы механизмдерин жана принциптерин иштеп чыгуунун жана аны ишке киргизүүнүн зарылдыгына бурду, өз кезегинде бул тармактагы бардык процесстердин айкындуулугун жогорулатууга жана коррупцияны жоюуга мүмкүндүк берет.

«Адилетсиз жана сарамжалсыз мамиле кылууда маанилүү экономикалык жоготууларга гана жол берилбестен, социалдык көйгөйлөргө да жол ачылат, мында айрым топтордун жеке кызыкчылыктары үчүн түшүнбөстүктөр, же чыр-чатактар келип чыгат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле өлкөдөн чыгарылып жаткан баалуу металлдар камтылган сырьелорду пайдалуу кендердин мамлекеттик балансында милдеттүү түрдө каттоо аркылуу ага көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Премьер-министр мындан тышкары, жер казнасы тармагындагы заманбап лабораторияларды түзүү маселесин иштеп чыгуу жана зер буюмдар тармагын өнүктрүү боюнча чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдон жаратылыш байлыктары ачык-айкындуулук шартында элдин, өлкө экономикасынын кызыкчылыгына пайдаланылышы үчүн иш алып баруунун жаңы механизмдерин иштеп чыгууга тыкыр мамиле жасоону талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий