• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев жардыргыч заттарды өндүрүү боюнча ишкананын ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жардыргыч заттарды өндүрүү боюнча “Салют компани” ЖЧКсы кыргыз-кытай ишканасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчы өз сөзүндө Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Өкмөт аймактарды жана анын инфраструктурасын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары аныктагандыгын баса белгиледи.

«Жумушсуздукту азайтуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, экономиканын экспорттук потенциалын бекемдөө биздин негизги милдеттерибизден болуп саналат. Андыктан, биз түз чет элдик инвестициялардын олуттуу бөлүгүн өлкөнүн аймактарына жумшоодобуз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында¸ үстүбүздөгү жылы экономиканын реалдуу секторунда 121 ишкана ишке киргизилип, миңдеген жумушчу орундар түзүлдү. Жалпысынан алганда Чүй облусу боюнча – 19, Нарын облусу боюнча – 17, Ысык-Көлдө – 21, Жалал-Абад аймагында – 20, Ош облусунда – 25, Баткен облусунда – 15 жана Талас облусунда 2 ишкана ишке киргизилди.

«Мындан тышкары, 150 социалдык объект – мектептер, ооруканалар жана спорттук залдар ишке берилди. 2018-жылдын планына 143,4 км жолду асфальттоо, ремонттоо иштери киргизилген. Мындан тышкары Өкмөттүн чечими аркылуу бардык аймактар боюнча дагы кошумча 111,6 км жол республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча киргизилди. Учурда 171,8 км жолдогу иштер жыйынтыкталды», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Салют Компани» ЖЧК ишканасынын курулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялык долбоорлор программасына киргизилген.

«Завод жаңы технологиялар менен салынды жана Кыргызстандагы аммонит чыгарган жападан жалгыз завод болуп саналат. Заводдун иши өлкөнүн стратегиялык максаттарына багытталган. Алсак, завод тоо кен өнөр жайы ишканалары, жол куруу сектору, жогорку вольттуу электр линияларын тургузуу үчүн керектүү заттарды өндүрөт», – деп белгиледи Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев аталган заводдун продукциялары өлкө ичинде да, жакынкы өлкөлөрдө да талап кылынаарына ишеним билдирди, анткени, жүргүзүлгөн бир катар сыноолордун, экспертизалардын негизинде Кыргызстандын ушул ишканасында чыгарыла турган продукция Бажы биримдигинин Бажы регламентинин талаптарына ылайык келе тургандыгы тастыкталды жана Бирдиктүү реестрге киргизилген.

Ал учурда тоо кен өнөр жайынын ишканаларында, өлкөнүн жолдорун курууда жардыруучу заттар абдан кымбат баада импорттолуп жаткандыгын эске салды.

«Башкысы, ишкана 60 жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылат, ал эми жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 150 млн сом кошумча каражат түшөт. Мындай суммадагы каражат, Кемин сыяктуу чакан район үчүн өзүнүн инфраструктурасын бекемдеп алууга чоң каражат – жардам, таканчык болуп берет», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ишкананын туруктуу иштеп турушу максатында завод жетекчилигинин жана жергиликтүү бийлик орган башчыларынын көңүлүн Салык жана Эмгек кодекси жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы өлкө мыйзамдарын тыкыр сактоо зарылдыгына бурду.

Буга катар Өкмөт башчы өндүрүлүп жаткан продукциянын өзгөчөлүгүн эске алуу менен аммонитти өндүрүүдө коопсуздук чараларын жана талаптарын сактоо зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

«Салют Компани» биргелешкен кыргыз-кытай ишканасы өнөр жайы үчүн патрон түрүндөгү «Аммонит Салютит А-150» жана «Аммонит Салютит В» порошок түрүндөгү жардыргыч заттарды өндүрүү менен алектенет.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 000 тоннаны түзөт.

Пикир

Оставить комментарий