• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев жаш сүрөтчү Азамат Умаров менен жолугушуп, ага окуусун улантууга колдоо көрсөттү

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жаш сүрөтчү Азамат Умаров менен жолугушту жана ага И.Е.Репин атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик академиялык живопись, скульптура жана архитектура институтунда окуусун улантууга колдоо көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Алдынкы ЖОЖдордун биринде окуу үчүн квотага жаш талант сентябрда бардык тандоо сынагынан ийгиликтүү өтүп ээ болгон. Азамат Умаров – Каракол шаарында балдар үйүнүн тарбиялануучусу, ал өз талантын ушул жакта көрсөтө баштаган. Беш жыл мурда кураторлордун жана кайдыгер эмес жарандардын колдоосунда ал С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайына бюджеттик бөлүмгө өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азамат Умаров Өкмөт башчыга өз эмгектерин, анын ичинде Санкт-Петербург институтунун тандоо комиссиясына жөнөткөндөрүн көрсөтүп, өзүнүн мындан аркы чыгармачыл пландары тууралуу айтып берди.

«Мен көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирем жана Сиздин колдоо жана менин билим алуума салынган инвестициялар куру кетпейт деп ишендирип кетем», - деди Азамат Умаров.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Азамат Умаров жаш болсо да, өзүнүн эмгекчилдиги, тырышчаактыгы жана аракеттери менен жашоонун кыйынчылыктарына карабастан, жаңы билим алууга кантип умтулуу керектиги боюнча өлкөнүн бардык жаштарына үлгү көрсөттү.

«Мындай кайраттуу жана эмгекти сүйгөн жаштарды мамлекет жана коом колдоого тийиш. Алдынкы ЖОЖдордун биринде окуу талантын мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзүп, белгилүү сүрөтчү болуу – кыялына жетишүүгө жардам берет», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ыраазычылык катары сүрөтчүнүн акыркы эмгектеринин бирин алды.

Өкмөт башчы Азамат Умаровго окуудагы ийгиликтерди каалап, Санкт-Петербург шаарында билим алуусун улантуу үчүн окуу куралдарын алууда жардам көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий