• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев: Жашыл экономиканы киргизүүдөгү Кореянын тажрыйбасы бизди кызыктырат

Өкмөт 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Корея Республикасынын тажрыйбасы Кыргыз Республикасын кызыктырат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевреспубликага расмий сапары менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ёндун катышуусундагы Кореянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин «Менин айылым» долбоорунун бет ачарында айтты.

«Сиз Борбордук Азия өлкөсү – өзүнүн «Ала-Тоосу» жана «Ысык-Көлү» менен белгилүү болгон Кыргыз Республикасына келген Корея Республикасынын биринчи Премьер-министри болдуңуз. Сиздин сапарыңыз – эки жактуу алакалардын жаңы барактарын ачып жатат», - деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы Корея Республикасын жакын өнөктөшү катары эсептейт, бул мындан ары карай жакындоо жана тыгыз кызматташуу үчүн өбөлгө түзөт.

«Быйылкы жыл өлкөбүздө Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы катары жарыяланган. Буга байланыштуу бул жаатта эки өлкөнүн ортосунда экономикалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын концентрациялоо зарылдыгын башкы милдеттердин бири катары белгилейбиз. Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Корея Республикасынын тажрыйбасы бизди абдан кызыктырат. Айрыкча биз үчүн айылдарды өнүктүрүү боюнча «Менин айылым» улуттук программасые ишке ашыруу боюнча тажрыйба кызыктуу, анын аркасында Корея Республикасында айылдар ийгиликтүү өнүгүп жатат», - деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Корея Республикасынын айыл аймактарын өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу моделин түзүү тажрыйбасы Кыргыз Республикасы үчүн ылайыктуу болуп саналат.

«Бул долбоор Корея Республикасына кыска мөөнөттүн ичинде айыл жерлеринин экономикасын жандандырууга көмөк берди. Биз бул корей долбоорун кыгыз айылдарына ылайыкташтыруу мүмкүндүктөрүн изилдеп чыктык. Ошол эле учурда «Менин айылым» корей долбоору кыргыздын салттуу «Ашар» ыкмасы менен өтө окшош. Биздин айылдарыбызда «Менин айылым» долбоорунун идеяларын ишке ашыруудан күтүлүп жаткан жыйынтыктар жогору болот деп ишенебиз. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Менин айылым» долбоорун өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт. Кореянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор үлгүлүү долбоорлордун бири болуп калат деп ишеним артабыз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий