• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев жазаларды аткаруу кызматынын бейтапканасынын ачылыш салтанатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бейтапканасынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө жазаларды аткаруу кызматынын бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин, ошондой эле медициналык кызматкерлерди госпиталдын ачылышы менен куттуктап, жаңы бейтапканада сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлөт деген ишенимин билдирди.

«Бүгүн укук коргоо органдарында, анын ичинде жазык-аткаруу тутумунда жакшы өзгөрүүлөр байкалууда. Биз репрессиялык мамиледен арылып, соттолгондор үчүн баардык шарттарды түзүү үчүн, жазасын өтөп жана эркиндикке чыкканда алардын социалдашуусу үчүн сот адилеттигин гумандаштыруу багытын алдык. Бул багытта көп кадамдар жасалууда. Бирок буга карабастан, кызматкерлерди социалдык коргоо маселелери чечилбеген бойдон калууда: турак жайдын жоктугу, маянанын аздыгы жана башка маселелерди биз акырындан чечүүгө ниеттенүүдөбүз. Нарын жана Жалал-Абад облустарында, Бишкек шаарында кызматтын кызматкерлери үчүн турак жай курулду. Мындай объекттердин ачылышы учурда тутумда оң өзгөрүүлөр жүрүп жатканын ырастайт. Бардык орун алган маселелер тууралуу биз жакшы билебиз. Мен премьер-министр катары жазаларды аткаруу тутумундагы реформаларга өзгөчө көңүл бурууга аракеттенем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, көз карандысыздык алган мезгилден бери жазаларды аткаруу тутумуна тийиштүү көңүл бурулбай келген.

«Жазаларды аткаруу тутуму кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик башкаруунун жалпы тутумунан обочолонгон деп айтууга болот. Анда иштин административдик ыкмалары эмес, расмий эмес, жарым криминалдык ыкмалары чоң мааниге ээ болуп келген. Ошону менен бирге жазаларды аткаруу мамлекеттин ички саясатынын маанилүү бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Мунун баары кызматкерлердин моралдык абалына таасир берген. Анткени айрым адамдардын мөөнөтүнөн эрте бошотулушу чынчыл адистерди жазаларды аткаруу тутумунда болуп жаткан нерселерди жүрөгү аркылуу өткөрүүгө мажбур кылган. Бирок бүгүн сиздер көрүп тургандай, кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп, мамлекет ак ниет кызмат үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылууда», – деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчы эл аралык өнөктөштөргө долбоорду ишке ашыруудагы финансылык, материалдык жана консультациялык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң премьер-министр палаталарга жана медициналык имараттарга кирип, госпиталды жана бейтапкананы көрүп чыкты.

Маалымдама:

2019-жылы № 32 мекеменин (жатак колониясы) базасында бейтапкананы жана госпиталды ачуу чечими кабыл алынган.

Бүгүн пайдаланууга берилген объекттин имараты 1981-жылы курулган, жалпы аянты 1 миң 840 чарчы метр 3 кабаттан турат. Курулуш иштеринин сметалык баасы – 17 млн 412,2 миң сом.

Кызыл Крест Эл аралык Комитети эмеректерди жана буюмдарды алууга жардам көрсөттү. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен кызматташуунун алкагында медициналык жабдуулар сатылып алынды.

Бейтапкана/госпиталь 15 миңге жакын бейтапка медициналык кызмат көрсөтүүгө эсептелген.

Пикир

Оставить комментарий