• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады!

Куттуктоо текстти төмөндөгүдөй:

Урматтуу жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жер ресурстары – улуттук мурас, өлкөнүн экономикалык жана социалдык жактан өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды.

Жерге болгон жеке менчик укуктарын жана жерди пайдалануучуларды эсепке алуунун натыйжалуу системалары рынок экономикасынын натыйжалуу иштешине шар түзүп, мамлекеттин жер ресурстарынын колдонуусун натыйжалуу жана туруктуу башкаруусунун фундаменти болуп саналат.

Жер ресурстары жана жерге байланыштуу укук мамилелери, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо, геодезия жана картография тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн.

Акыркы эки жылда миң гектардан ашуун жаңы сугат жерлерин айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизген. Ошол эле учурда көп жерлер айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берилүүдө, андыктан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин сактоо жана жаңы жерлерди өздөштүрүү боюнча максаттуу программа иштеп чыгуу зарыл.

Бүгүнкү күндө сиздердин алдыңыздарда мамлекеттик жер саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жердин сандык жана сапаттык курамын жана кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрүн тактоо, жер кадастрын жүргүзүү боюнча маанилүү иштер турат.

Бул тармакта өз ишин мыкты билген адистер иштегендиктен, бул милдеттер өз убагында жана натыйжалуу аткарылат деп ишенем.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм жана бекем ден соолук, бакыт, ишиңиздерге ийгилик жана жаңы максаттарга жетүүнү каалайм!

Пикир

Оставить комментарий